Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Чехия 7 жыл илгерки жардырууга байланыштуу 18 орус дипломатын чыгарат


Чех премьер-министри Андрей Бабиш (оңдо) жана өлкөнүн ички иштер жана тышкы иштер министри Ян Гамачек. Прага шаары. 2021-жылдын 17-апрели.
Чех премьер-министри Андрей Бабиш (оңдо) жана өлкөнүн ички иштер жана тышкы иштер министри Ян Гамачек. Прага шаары. 2021-жылдын 17-апрели.

Чехиянын атайын кызматтары 2014-жылы өлкөдөгү ок-дары кампасынын жарылышына орусиялык аскер тыңчылары катышкан деген бүтүм чыгаргандан кийин, Чехия өкмөтү тыңчы деп шектелген 18 орус дипломатын өлкөдөн чыгарып жаткандыгын жарыялады.

Чех премьер-министри Андрей Бабиш 17-апрелде бул тууралуу жарыялап, орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечими Чехиянын чалгындоо жана коопсуздук кызматтарынын "ачык-айкын далилдеринин" негизинде кабыл алынганын жана 2014-жылкы Врбетице (Vrbetice) кыштагындагы курал-жарак сактоочу жайдын жардырылышында "Орусиянын аскердик чалгындоо кызматы – ГРУнун – 29155-тобунун мүчөлөрүнүн ролу боюнча "негиздүү шек бар" деген пикирин билдирди.

Чехиянын чыгышындагы менен Словакиянын чек арасына жакын Злин аймагындагы 2014-жылдын 16-октябрындагы жан 3-декабрындагы бул жардыруудан улам эки киши набыт кеткен.

Ички иштер министри Ян Гамачектин айтымында, чалгындоо кызматынын оперативдүү кызматкерлери деп табылган дипломаттарга 48 сааттын ичинде Чехиядан чыгып кетүүгө буйрук берилди.

Бул окуя тууралуу президент Милош Земан кабардар экендиги жана тышкы иштер министрлигинин орус дипломаттарына байланыштуу чечимин колдогондугу маалымдалды.


Чех полициясы ошол эле күнү ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымдарын алып жүргөн Орусиянын шектүү эки тыңчысын издеп жатышканын жарыялады. Бул шектүүлөр тууралуу чех полициясынын "Твиттердеги" барагында да шектүүлөрдүн сүрөттөрү менен кошо жарыяланды. Алар Молдова менен Тажикстандын паспортторун алып жүрүшү ыктымал деп да шектелүүдө.


Бул ысымдар 2018-жылы Улуу Британиянын Солсбери шаарында мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына шектүүлөрдүн ысымдарына дал келет.


Совет мезгилинде тыюу салынган «Новичок» нерв дарысын колдонуу менен жасалган чабуулга кабылышкан Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын өмүрүн британдык дарыгерлер эптеп сактап калышты.

Кийинчерээк «Bellingcat» жана «The Insider» изилдөө борборлору тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө эки шектүү киши – Александр Мишкин жана Анатолий Чепига бул кылмышты жүзөгө ашырышкандыгын аныктаган болчу. (TT)

XS
SM
MD
LG