Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 18-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:51

Чуулуу тыңчылардын башын кошкон той


Андрей Аверьянов менен Анатолий Чепига.

"The New York Times" гезити Орусиянын Европада атайын операцияларды жүргүзгөн жашыруун аскердик бөлүгүн ашкере кылып койду. Ал эми «Азаттыктын» орус кызматы британ бийлиги киши ууландырууга айыптаган орусиялык Анатолий Чепиганын дал ушул жашыруун чалгынчылардын бөлүгүнө байланышын аныктады.

“The New York Times” гезити Орусиянын №29155 аскердик бөлүгү менен анын башчысы Андрей Аверьянов тууралуу иликтөөсүн бир жума мурда жарыялаган.

Гезит бул аскердик бөлүктү «Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын Европада атайын операцияларды жүргүзүүчү жашыруун бөлүгү» деп атаган.

Орусиялык расмий булактарга таянсак, генерал-майор даражасына ээ Андрей Аверьянов бөлүктү 2013-жылдын апрелинен бери башкарып келет.

Кызматка келгенине эки жылга жетпей Аверьянов Орусиянын Баатыры деген жогорку наам да алган.

Андрей Авреьянов
Андрей Авреьянов

«Азаттыктын» орус кызматы менен Bellingcat тобунун иликтөөлөрүнө ылайык, Андрей Аверьянов Түркмөнстандын борбор калаасы - Ашхабадда туулуп-өсүп, орус тилдүү мектепте билим алган.

1988-жылы Ташкенттеги жалпы аскердик орто окуу жайын бүтүргөн, 1990-жылдардын аягында Орусиянын Самара облусундагы Рамено айылында жашаган. Кийин ооган, Балкан жана чечен согуштарындагы кызматы үчүн үч жолу «Эрдик» ордени менен сыйланган.

Мындан тышкары Аверьянов сербиялык аскерий тарыхчы Бранко Богдановичтин эки китебин орусчага которгон. Орусиянын чалгынчыларынын символу болгон гвоздика гүлү менен кооздолгон бычактарды жасап, чогултуп келет.

Ал эми 2015-жылы январда Орусиянын Баатыры деген жогорку наамды Крымды аннексиялоо операциясына катышканы үчүн алышы мүмкүн.

"The New York Times" гезитинде Аверьяновдун «Жигули», «Волга» үлгүсүндөгү автоунаалары менен Москвадагы эски советтик тамдагы батири айтылган. Ал эми Bellingcat иликтөөчү топтун маалыматы боюнча учурда генерал-майордун "Land Rover Discovery", "Range Rover Sport" автоунаалары, ошондой эле Москвадагы Братцево паркынын районунда үйү бар.

Жашыруун тыңчыларды ачыктап койгон той

"The New York Times" дал ушул Аверьяновдун кызынын үйлөнүү тоюна катышкан Анатолий Чепиганын сүрөтүн таап чыккан.

Анатолий Чепига
Анатолий Чепига

Анатолий Чепига – британ бийлиги жарандарын ууландырууга айыптаган орусиялык тыңчылардын бири.

Былтыр март айында Солсбери шаарында жашаган орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен ага конокко келген кызы Юлия «Новичок» заты менен ууландырылган. Лондон буга Москваны күнөөлөп, Британияга «Руслан Боширов», «Александр Петров» деген документ менен келген Орусиянын Башкы штабынын кызматкерлери Анатолий Чепига менен Александр Мишкинди аныктап чыккан.

Москва айыптоолорду четке кагып, эки орусиялык Солсбериге саякаттап барышканын, алар Орусияда спорттук азыктарды сатарын айтып келет.

Анатолий Чепига
Анатолий Чепига

2017-жылы июлда Москва облусундагы Сенеж көлүнүн боюнда үйлөнүү тойдо тартылган сүрөттөр бир гана британ бийлиги киши ууландырууга айыптаган орусиялык Анатолий Чепиганын таржымалын гана эмес, Орусиядагы жашыруун аскерий бөлүк жана анын жетекчилиги менен байланышты ачыкка чыгарып койгон.

Тойго Анатолий Чепига жубайы жана эки баласы менен барган.

Бул сүрөт-видеолор Аверьяновдун кызынын социалдык тармактардагы аккаунтунда, ошондой эле тойду уюштурган Zvonova Wedding агенттиги менен тойдо иштеген фотографтын сайтында табылган. Буга кошумча коноктордун тизмесинде Солсбери окуясынын дагы бир каарманы Петров-Мишкин көрсөтүлгөн.

Айрым маалыматтар боюнча Чепига менен Аверьянов чечен согушунда таанышып, бирге кызмат өтөшкөн, Крымды аннексиялоо операциясына да бирге катышып, экөө бирдей Орусиянын Баатыры болушкан.

№29155 аскердик бөлүк тууралуу алгач «Азаттыктын» орус кызматы 2018-жылы июлда жазган. Анда 2012-жылы Орусиянын андагы коргоо министри Анатолий Сердюковдун буйругу менен «кызматтагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн» бул бөлүктүн кызматкерлеринин айлыгы бир кыйла көтөрүлгөнү баяндалган.

Мурда тыңчыларды машыктырган бөлүк кийин Крымды аннексиялоонун алдында башка багыттарда колдонула баштаганы да айтылган.

2012-жылы Сердюков сыйлагандардын арасында Москванын алдындагы Сенеждеги «Атайын операциялар күчү» менен Башкы чалгындоо башкармалыгынын №74455 бөлүгү болгон. Кийин дал ушул бөлүктөрдү АКШнын бийлиги 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн айтыптаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG