Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Евробиримдик «Петров» менен «Бошировго» каршы санкциянын мөөнөтүн узартты


Өздөрүн «Петров» жана «Боширов» деп тааныштырган адамдар RT телеканалынын суроолоруна жооп беришкен.
Өздөрүн «Петров» жана «Боширов» деп тааныштырган адамдар RT телеканалынын суроолоруна жооп беришкен.

Европа Биримдигинин кеңеши химиялык курал колдонгону үчүн ушул жылдын башында тогуз кишиге салган санкциясынын мөөнөтүн 2020-жылдын 16-октябрына чейин узартты. Бул санкциялык тизмеге кирген тогуз адамдын бешөө Сириянын, төртөө Орусиянын жарандары.

Алар - Орусиянын Башкы штабынын башкы башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков менен анын биринчи орун басары Владимир Алексеев жана Анатолий Чепига менен Александр Мишкин. Соңку экөө санкциялык тизмеде «Александр Петров» жана «Руслан Боширов» деген ысым менен жазылган.

Былтыр март айында Британиянын Солсбери шаарында жашаган орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен ага конокко келген кызы Юлия «Новичок» заты менен ууландырылган. Лондон бул окуяга байланыштуу Москваны күнөөлөгөн жана Британияга «Руслан Боширов» менен «Александр Петров» деген документ менен келген Орусиянын Башкы штабынын кызматкерлери ууландырганын айтып чыккан. Москва болсо дооматтардын баарын четке каккан.

Орусиялык RT телеканалындагы маегинде өздөрүн «Петров» менен «Боширов» деп тааныштырган адамдар жеке ишкерлер экенин, Солсбериге турист катары гана барышканын айтышкан. Бирок алар ошондон бери коомчулукка чыга элек.

XS
SM
MD
LG