Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

«Уу коргошун бир дагы вирусту өлтүрө албайт»


Рысбек Абдылдаев
Рысбек Абдылдаев

Медицина илимдеринин доктору, АКШнын Сан-Франциско шаарында иштеген кыргызстандык белгилүү онколог Рысбек Абдылдаев COVID-19га каршы Кыргызстандын бийлиги уу коргошун сунуштап жатканын сындап, кесепети оор болушу мүмкүн экенин эскертти. Дарыгер "өлкөдө эмдөөгө жакшы маани берилбей жатат" деди.

Коронавирусту уу коргошун менен дарылоонун кесепети

- Рысбек агай, Кыргызстанда саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы сунуштаган уу коргошун боюнча талкуу, талаш уланып жатат. Кыргыз бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) “бул өсүмдүк коронавирусту айыктырууга колдонулган дарылардын тизмесинде жок” деген билдирүүсүн эске албай жатат. Изилденбей, сыноодон өтпөгөн ыкма менен коронавируска каршы күрөшүүнүн кесепети кандай болушу мүмкүн?

- Кыргызстанда коронавирустан күндө адамдар каза болуп жатат. Алардын арасында коронавирустан эмес, балким уу коргошундан каза болгондор да бар. Баарын жакшылап карап, изилдеп чыгыш керек.

Кыргыз коомчулугу жакшы билет. Убагында, мындан адамдар ууланганы жөнүндө журналисттер дагы маалымат тараткан. Чүй облусунда болгон, түштүктө жана башка аймактарда катталган. Кыргыздар бекеринен "уу коргошун" деп атап койгон эмес. Бул – уу, дары эмес. Кесепети абдан начар. Диплому бар дарыгер муну колдонууга уруксат бербеши керек.

Эгерде кайсы бир мамлекетте коронавируска каршы дарыны ойлоп таап, колдоно баштаса, ДССУ аны расмий түрдө тизмеге киргизет. Ар бир мамлекет өзү ойлоп таап, колдонобуз деп чаржайыт болбошу керек. Атайын эл аралык деңгээлде ушундай тартип бар. Кыргыз коомундагы талкуу болуп жатканы туура эмес, бул ката. Уу коргошун бир дагы вирусту өлтүрө албайт. Мен ракты дарылап жүргөн адис катары кайталап айтам, эч качан уу коргошун менен ракты дарылаган эмеспиз. Туура эмес маалымат берип жатабыз. COVID – бул вирус. Ага уу коргошундун эч таасири жок.

Кыргыз медицина илими чоң кризиске кептелди

- Өлкө калкынын саламаттыгына жоопкер болгон башкы орган - Саламаттык сактоо министрлиги коркунучтуу вируска каршы элдик дарылоо ыкмасына ыктаганын кандай баалайсыз?

- Өздөрүнүн деңгээлин, сабатсыздыгын, адис эместигин көргөзүп койду. Булар медицинада министрлик деңгээлге чейин кантип жетишкен? Министрликтин аппараттагылардын, илимий кеңештин, илимий коомчулуктун унчукпай отурганы чоң көйгөй. Ойлоно турчу маселе. Демек, кыргыз медицина илими терең кризисте. Дарыгерлерди окутуу жагынан чоң кризистебиз. Бул мамлекеттик трагедия.

Уу коргошун эмнеге колдонулат?

- Уу коргошун өсүмдүгү медицинада аконит деп аталат экен. Ал элдик медицинадан тышкары, илимий-расмий медицинада кандай колдонулат?

- Ар кандай ооруларда колдонулуп келген. Элдик медицина гүлдөп өнүккөн Кытайда, мисалы, бул өсүмдүк абдан көп колдонулгандыктан жоголуп кеткен. Казакстанда мыйзам чегинде анын тамырын казууга тыюу салынган. Ревматизмге, ар кандай артрит болгондо колдонулуп келген. Ичип эмес, теринин сыртынан сыйпашчу. Сабатсыз, диплому жок дарыгерлер колдонушкан.

Азыр дары негизинен нефтиден жасалат. Бирок, көп дарылар чөптөн жасалып келген. Ракка каршы чөптөн жасалган дарылар болгон. Таксол деген абдан күчтүү дары, мисалы, Тынч океандын жээгинде өскөн карагайлардан гана бөлүнүп чыгарылат.

- Айрым өсүмдүктөрдүн дартка даба болору талашсыз. Бирок, ал кандайдыр бир илимий атайын лабораторияда даярдалышы керек да?

- Эми "кайнатып жатабыз" дегени биздин илимий жактан эч нерсебиз калбай калганын көрсөтүп жатат. Илимдер академиясы, Саламаттык сактоо министрлигинин алдында бир нече улуттук борборлор бар. Кайнатса ошол жактагы лабораторияда даярдалышы керек эле. Мен алардын жасап жаткан видеосун көрдүм. Ошол жактагылардын биринин медициналык диплому бар бекен? Менимче жок, анткени диплому бар адам ал жакка барбайт. Чөптөн дары бөлүп чыгаруунун атайын жолу бар. Нефти табылгыча көпчүлүк дары чөптөн жасалган.

Бейтапка жаңы дары кандай сыналат?

- Коомчулук эки анжы болуп турат. Айрымдар коронавирус менен күрөшүүдө мамлекетке ишенбегендей карашат. Бейтапка жаңы дары берүүнүн жолу кандай?

Бизде жөн эле “300 кишини дарыладык” деп койду. Мен бардык жоопкерчилик саламаттык сактоо министринде, ошондой ыкма менен дарылаган медициналык мекеменин жетекчилеринде деп айтат элем.

- Бейтапка дары берүүнүн мыйзамдык жолу бар. Дарыгер келип айтат: “сизге жаңы дары берген жатабыз, сыноо катары” дейт. Ошол дарыныбы, уу коргошундубу колдонууда бир эле кишинин пикири эске алынбайт. Жоопкерчиликти ала турган атайын окумуштуулардын тобу болот. Аларды Саламаттык сактоо министрлиги буйрук менен бекитет. Канча адамдын организмине пайдалуу болду деген анализ документ сакталат. Ал чоң илимий документ. Бизде жөн эле “300 кишини дарыладык” деп койду. Мен бардык жоопкерчилик саламаттык сактоо министринде, ошондой ыкма менен дарылаган медициналык мекеменин жетекчилеринде деп айтат элем. Силер ката кетирип, ар бир дарыгер берчү анттын “залака келтирбе” деген жобосун бузуп жатасыздар. Кылмыш кодексине кирип кеттиңер деп айтат элем.

- Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен коронавируска каршы вакцинацияны өтө кеч баштады. Акыркы маалыматтарга караганда, Өзбекстанда 400 миңдей адам эмделди. Казакстанда 700 миңдей эмделгени айтылып жатат. Тажикстанда болсо 30 миңден ашты. Кыргызстанда адамдар Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен гана эмделип жатат жана саны 10 миңге чукулдады. Кыргыз бийлиги вакцинага канчалык маани берип жатат?

- Кыргызстанда эмдөөгө маани берилбей жатат. Муну ачык эле айтышыбыз керек. Элдин 0,1% дагы вакцина ала элек. Азыр жалгыз Кытайдын вакцинасын сайып жатабыз. Алардын маанилүү мамлекеттик органы 12-апрелде вакцинанын натыйжалуулугу төмөн болуп жатат деди. 50% тегерегинде деди, мурда 78-79% болгон дешкен.

Казакстан орусиялык "Спутник-V" вакцинасын пайдаланып жатат. Орустардын бул вакцинасы жөнүндө жакшы маалыматтар чыкты.

Казакстан туура жолду тандады. 18 миллион кишинин 10% эмделди. Биз алардан 100 эсе арттабыз. Израил дүйнөдө эң биринчи орунда баратат. 9 миллион калкынын жарымынан көбү (54% - ред.) эки жолудан вакцина алды.

Алар беткап тагынып жүрүү эрежесин алып салышты. Бирок, дагы бир маселе бар. Коронавирус айланып жүрө берет. Эмдөөдөн пайда болчу иммунитет алты айга чейин жетсе, андан кийин кайра вакцина сайдыруу керек. Кыргызстан вакцинаны тандоодо эл аралык маалыматты изилдеши зарыл. ДССУ дагы ушу тапта керектүү вакцинаны жарды өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыктарга туш болду.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG