Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

«Медицина уу коргошунду колдонууга тыюу салат»


Медицина илимдеринин доктору, фармаколог, профессор Аида Зурдинова
Медицина илимдеринин доктору, фармаколог, профессор Аида Зурдинова

Уу коргошун абдан кооптуу өсүмдүк, жүрөктүн токтоп калышына алып келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу, профессор Аида Зурдинова "Азаттыктагы" маегинде билдирди.

Зурдинова дүйнөдөгү бир дагы сунуштамада чөп дарылар COVID-19дан дарылайт деп жазылбаганын белгиледи.

Аида Зурдинова: Өлкөнүн биринчи адамдары, өзгөчө мамлекеттик мекеменин жетекчиси жарандарга эксперимент жүргүзүлгөнүн айтып жатса, кыжырдануудан башка кандай реакция болмок эле? Эсиңиздерге сала кетсем, Хельсинки декларациясын эч ким жокко чыгара элек, аны ар дайым эске алуу зарыл. Адамдарга сыноо өтүп жатат деп ачыктан-ачык айткандарын укканда менде адис катары көптөгөн суроолор пайда болду. Андай сыноо эмненин негизинде жүргүзүлүп жатат? Ким уруксат берген?

Биринчиден, Кыргызстанда андай эксперименттерге жол берген, мыйзам түрүндө бекитилген укуктук-ченемдик актылар жок. Экинчиден, этикалык жактан бул канчалык мүмкүн? Сыноонун жол-жоболору так жазылууга тийиш. Дарылоо касиети бар экени айтылган чөп, өсүмдүктөрдүн кадимки дары-дармектен айырмаланып, илимий далилденген базасы жок экенин баарыбыз билебиз. Адамдарды дарылоодо пайдаланса болот деген ар бир препарат, эмнеден жасалса да, сөзсүз жакшылап уюштурулган клиникалык сыноодон өтүүгө тийиш. Муну да көргөн жокпуз. Эң негизгиси укуктук-ченемдик актылар жок.

Дагы бир суроо. Бул чөптүн химиялык курамын ким изилдеген? Албетте интернетте маалыматтар бар. Кытай, Словенияда изилдешиптир. Бирок бир эле өсүмдүк өскөн жерине жараша ар башка болушу мүмкүн. Ошол жердин шарттары, топурагы да абдан маанилүү. Андай маалыматтар жок.

Адамдарга чейин адатта жаныбарларга сынашат. Себеби, өлүмгө алып келбеш үчүн коопсуз дозасы ошондо аныкталат. Википедияны ачып окуп көрсөңөр, уу коргошун же аконит абдан уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Аны менен адамдарды дарылоого болбойт, медицинада аконитти колдонбоо керек деп так жазылган.

- Бул өсүмдүк эмнеси менен кооптуу? Уулануунун симптомдору кандай?

- Анын курамында, атайын адабияттагы маалыматка караганда, алты уулуу зат бар. Алтоо тең адам үчүн коркунучтуу. Жүрөк айлануу, окшуп, кусуу, ич өткөк менен коштолгон жеңил ууланууга эмес, жүрөктүн параличине же токтоп калуусуна алып келет, адам дем ала албай жатып ажал табат. Бизде ошондой кайгылуу бир окуя болгон. Ал тууралуу маалымат каражаттары да жазышкан. Он чакты жылдан ашты окшойт. Саламаттык сактоо министринин фитотерапияга адистешкен бир орун басары бар эле. Ал кызматтан кетип жатканда иш бөлмөсүн бошотуп, коньяктын бөтөлкөсүнө куюлган уу коргошундун тундурмасын калтырып кетет.

Аны таап алган кароолчу менен дагы бир киши, айдоочу болсо керек, тиги кишинин кешиги, коньяк деп ойлоп ичип алып өлгөн. Ошондо кызматтык териштирүү болгон.

Дагы бир маанилүү нерсе. Бизде чөптөр менен катардагы адамдар, атайын билими жок, өз алдынча үйрөнгөндөр дарылашат. Чет өлкөлөрдө чоң-чоң адистешкен институттар медицинада колдонулган өсүмдүктөрдүн курамын изилдеп, бул багытта иш алып барышат.

Алар тигил же бул препаратты кантип даярдап, сактоо керектигин, курамын ийне-жибине чейин билишет. Мисалы, окуганыма караганда, уу коргошун өскөн жердин жанында, айталы укроп же дагы бир нерсе өссө, анда уусу ошол өсүмдүктөргө өтүшү мүмкүн деп турат. Бул жагы да маанилүү.

- Уу коргошундун тундурмасы даярдалып жатат деген жерден тартылган видео соцтармактарга тарады. Анда халатсыз жүргөн кишилерди, алардан атайын шарт түзүлбөгөн жерде кадимки суусундуктар үчүн пайдаланган бөтөлкөлөргө ошол суюктукту куюп жатканын көрсө болот. Дегеле дары-дармекти чыгаруунун өз жол-жоболору бар болсо керек?

- Өсүмдүк, чөптөрдөн дары-дармек чыгаруунун, ошондой өндүрүштүн өз эрежелерин сактоо маанилүү. Эксперименталдык партия болсо да атайын шартта жасаш керек. Жакшы жабдылган лаборатория болууга тийиш. Өсүмдүктүн тамырларын кургатуунун шарттары да маанилүү. Кыскасы, көптөгөн талаптар бар.

Мен Кытайда чөптүн негизинде жасалган дары чыгарган заводго баргам. Кызматкерлердин бардыгы халатчан, стерилдүү, себеби эч кандай аралашмалар дарыга кошулуп кетпеши зарыл. Салмагы, граммдары, концентрациясы абдан текшерилет. Жарыкка да ар кандай реакция болушу мүмкүн. Бекеринен караңгылатылган жайда атайын бөтөлкөлөргө куйбайт да. Балким күндүн нурлары тийсе, суюктук ого бетер зыяндуу болот? Муну ким текшерди? Пластик идишке куюп жатышат. Пластиктин зыяндуу заттарды сиңирип алган сапаты бар.

XS
SM
MD
LG