Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Уу коргошун министрге сынды күчөттү


Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасы. Апрель, 2021-жыл.
Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасы. Апрель, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 19-апрелдеги отурумунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны кызматтан алууну өкмөт башчыга тапшырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев “министр уу коргошун менен коронавирусту дарылайм деп кыргыз медицинасын уят кылды” деп эсептейт:

"Министр соңку аракеттери менен кыргыз медицинасын дүйнөгө уят кылды. Анын табыпчылыкты колдоп чыкканы, уу коргошун деген чөп менен коронавирусту дарылайм дегени, аны пропаганда кылганы, дүйнө жүзүндөгү маалымат каражаттары бизди, анын ичинде президентти шылдыңдап жазып жатканы өлкө үчүн абдан кедергисин тийгизген маселе болду. Кылымга тете убакыттан бери иштеп келе жаткан кыргыз медицинасын так ушул министр абдан уят кылды. Ушул күндөн баштап бизде медицинага ишенбестик жана табыпчылык күч алат. Аны биздин мамлекеттик каналдар жайылтып жатышат. Дүйнөлүк илим таппай жаткан нерсени булар таап койдук дегени - күлкү. Анткени далилдей албайт. Ооруп жаткан адам айыгып кетсе, уу коргошундан айыкты дешет, өлүп калса, коронавирустан өлдү деп коюшат".


Бул аралыкта жарандык коом уу коргошунду коронавируска каршы дарылоого колдонгону үчүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди илимий наамдарынан ажыратууну талап кылып чыкты. Ыктыярчы дарыгер Айсулуу Атаканова КММА илимий кеңешине, Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдоп, “министр Кыргызстандын илимий чөйрөсүн уят кылды” деп билдирди.

«Кыргызстандын академиялык жана илимий чөйрөсү көз карандысыз бойдон калышы керек эле. Илимий чөйрө бийликке, улам алмашкан президент менен министрге баш ийбөөгө тийиш. Биз укук коргоо органдарынан адилеттик күтө албайбыз. Адам баласына тажрыйба жасоого жол берилбеши керек. Бул ирет жол берсек, мындан ары илимий кандидаттар да жаңы препараттарды жана ууларды адамдарга сынай башташат".

Айсулуу Атаканова былтыр июлда, коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанга Москвадан келип, ыктыярдуу түрдө дарыгер болуп иштеген.

Ушул эле демилгени Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Коомдук кеңеши да көтөрүүдө. Кеңеш бул тууралуу атайын билдирүү таратты. Кеңештин төрайымы Бактыгүл Исраилова “уу коргошундун тундурмасын бейтаптарга ичирүү - адам өмүрүнө атайылап кол салуу” деген пикирде:

«Уу коргошунду пайдалануу - бейтаптардын өмүрүнө кол салуу. Муну министр ачык эле көрсөтүп, сунуштап жатат. Мындан да коркунучтуусу - бейтаптардын макулдугун албай туруп, алардын өмүрүнө кооптуу нерсени ичиришти. Бул - адам укугун бузуу! Мындайга жол берилбеши керек. Муну адам өмүрүнө атайылап залал келтирүү деп айтса болот. Бейтаптарды тажрыйба жасоо үчүн пайдаланып, ал эми жалпы кыргыз коомчулугун сабатсыз саноонун арты нааразылыктарга, COVID-19 вирусунан көз жумгандардын көбөйүшүнө жана уу коргошун тажрыйбасынын курмандыктарына алып келет», - деди Исраилова.

Уу коргошундун базарда сатылып жаткан тамыры. Бишкек. Апрель 2021-жыл.
Уу коргошундун базарда сатылып жаткан тамыры. Бишкек. Апрель 2021-жыл.

Ал эми айрым дарыгерлер жана юристтер Жогорку Кеңешке жана укук коргоо органдарына кайрылуу жасашты. Алар президент Жапаровдун көрсөтмөсү менен резиденцияда даярдалып, министрдин буйругу менен ооруканалардагы бейтаптарга берилип жаткан медицинада белгисиз дары - уу чөптүн тундурмасы менен адамдарды дарылоону токтоосуз тыюуну талап кылышууда.

"Бир дүйнө Кыргызстан" коомдук уюму президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, бейтаптарга эксперимент жасоону токтотууну талап кылды. Уюмдун билдирүүсүндө:

"Биз учурда ооруканаларда жаткан көптөгөн бейтаптардын өмүрүнө тынчсыздануудабыз. Анткени илимий изилдөөлөрсүз жана корутундуларсыз эле медициналык эксперимент жасоого уруксат берилбейт. Башкы прокуратура буга баасын берип, тез арада чара көрөт деген ишеничтебиз", деп жазылган.

"Бейтаптардын демилге тобу" деп аталган уюм уу коргошунду коронавирусту дарылоого колдонуу менен "Дары-дармектерди пайдалануу жөнүндө" мыйзам жана дарыларды даярдоо, өндүрүү, сатуу, бейтаптарга берүүгө байланышкан башка укуктук актылар бузулуп жатканын белгилөөдө.


Ал арада бийлик коронавирусту уу коргошун менен дарылоону мамлекеттик телеканалдар аркылуу да пропагандалап жатат. Андагы сюжеттерде эки жыл мурун элди өз алдынча дарылаганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу") менен сот жообуна тартылган Ашым Зайналиев жана башка дарыгер эмес адамдар уу коргошундун дарылык касиети тууралуу маалымат беришүүдө.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри коронавирусту дарылоо үчүн медицинада белгисиз препаратты түз эфирде ичип, шардана кылганын айрым чет элдик маалымат каражаттары да жазып чыгышты. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кайсы дары болбосун клиникалык изилдөөдөн өтүшү керектигин, ансыз элди дарылоо кооптуу экенин эскертти.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев "уу коргошун окуясы Кыргызстанды коомчулукка уят кылды" деп эсептейт. Ал уу коргошунду коронавирусту дарылоого колдонуу сунушун президент менен министр алып чыкканы өлкөдө илимий иштерди жүргүзүүгө, XXI кылымда илим, технология, кылдат стандарттар менен иш алып баруу керек деген түшүнүктөргө көлөкө түшүрдү деген пикирде:

"Бизди бүгүн кандай адамдар башкарып жатат? Биздин келечегибиз кандай болот? Уу коргошундун кесепетинен ага ишенип ичкен канчалаган адамдар жапа чегет? Биз өзүбүзгө ушул суроолорду беришибиз керек. Уу коргошун маселеси жогорку бийлик тараптан чыгып жатканы - Кыргызстан үчүн чоң белги. Караңгылыкка тете сунушту биздин мамлекет башчы алып чыкканы - өтө коркунучтуу".

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы билингенин айтып чыккан.

Министр журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгиледи. Бейшеналиев дарыны президент Жапаров менен чогуу даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын айткан.

Аймактарга жете элек

Азырынча уу коргошундун тундурмасы башка аймактардагы бейтаптарга да берилип жатканы белгисиз. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы бул дары али ооруканаларга түшө электигин билдирди. Ушундай эле маалыматты Ноокат райондук ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Марипов да "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, уу коргошундун тундурмасы бейтаптарга эркинен тыш берилбейт:

"Уу коргошунду өтө таасирдүү дары чөптөрдүн бири деп укканмын. Рак ооруларын, кургак учукту дарыланууга колдонуп жүрүшкөнүн эшиткеним бар. Бизге азырынча келе элек. Келсе, өзүм биринчи болуп ичем. Коронавирус жуктурган адамдарга өздөрүнүн макулдугу менен гана берилет".

Былтыр коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда Асамидин Марипов бул илдетке каршы күрөштө салым кошкону үчүн III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Буга чейин Башкы прокуратурага кайрылган активист Умай Арыкова саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартуу талабы менен 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) арыз жазды.

"Министр өзү бул уу дары ооруканаларда бейтаптарга ичирилип жатканын айтты. Демек, медицинада белгисиз нерсени адамдарга берүү менен булар улуттун коопсуздугуна коркунуч келтирип жатышат. Балким анын кесепети генетикага тиет. Бул маселе жоопсуз калбашы керек".

"Дары-дармектерди пайдалануу жөнүндө" мыйзамда дарыларды иштеп чыгуу, аны даярдоо, клиникалык экспертизалардан, тажрыйбадан өткөрүү, каттоо, даярдоо, сатуу жана башка жараяндардан өткөрүүнүн эрежелери так көрсөтүлгөн. Мыйзамга ылайык дарыларга клиникалык тажрыйба жүргүзүү атайын ыктыярчыларга, алардын саламаттыгына жана өмүрүнө коопсуздукту камсыздоо менен жүргүзүлүшү керек.

15-апрелде президент Садыр Жапаров “Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын” жарыялаган. Көп өтпөй анын "Фейсбуктагы" расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Анын сыртында "Уу коргошун" деген жазуу бар. 19-апрелде "Фейсбук" компаниясы бул тасма "адамзатка залал келтирүүчү маалымат катары" өчүрүлгөнүн маалымдады.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG