Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

Министр: Коронавирус мурда ооругандардан да аныкталууда


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргызстанда коронавирус мурда ооруп айыккандардан да кайрадан табылып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн карантин киргизүү тууралуу ниети жок. Вирустун алдын алуу үчүн эмдөө иштери уланууда:

"Кызыл зонада оор абалда жаткан бейтаптар менен жолугуп, сурасам алар "былтыр ооруганбыз, эми оорубайбыз деп ойлогонбуз" дешти. Быйыл катуу ооруп атышат. Каза болгондор да күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Былтыркыдай карантин киргизе албайбыз. Аны экономика көтөрө албайт. Азыр эмдөө жүрүп жатат ".

Пандемия башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда коронавирус 91 миңден ашуун адамга жукту. 1559 киши каза болду.

Акыркы күндөрдө вирус жугузгандар да, андан кайтыш болгондор да көбөйүп жатат. Илдет аныкталган медицина кызматкерлери да күн сайын катталууда.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаровдун, андан кийин министр Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирусту дарылоодо уу коргошун колдонулуп жатканы тууралуу билдирүүсү коомдо кызуу талкуу жаратты. (NT)

XS
SM
MD
LG