Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Чехия Орусияга коюлган дооматтар тууралуу НАТОго маалымат берди


Чех премьер-министри Андрей Бабиш (оңдо) жана өлкөнүн ички иштер жана тышкы иштер министри Ян Гамачек. Прага шаары. 2021-жылдын 17-апрели.
Чех премьер-министри Андрей Бабиш (оңдо) жана өлкөнүн ички иштер жана тышкы иштер министри Ян Гамачек. Прага шаары. 2021-жылдын 17-апрели.

Чехиянын өкмөтү 2014-жылы Врбетице кыштагында болгон жарылуудагы Орусиянын болжолдуу ролу тууралуу НАТО менен Европа Биримдигине маалымат берилгенин билдирди. Чехиянын тышкы иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан ички иштер министри Ян Гамачек Еврошаркеттин башкы дипломаттары бул маселени 19-апрелде талкуулай турганын "Твиттерге" жазды.

17-апрелде чех премьер-министри Андрей Бабиш Чехиянын коопсуздук кызматтарынын Врбетицедеги жарылууга байланыштуу "анык далилдеринин" негизинде тыңчы деп шектелген орусиялык 18 дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынганын жарыялаган.

Мындан тышкары чех полициясы ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымдарын алып жүргөн Орусиянын эки тыңчысын издеп жатышканын билдирген. Бул адамдар Британияда Орусиянын мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны "Новичок" уулуу заты менен ууландырууга байланыштуу айыпталган.

АКШ, Британия жана НАТО Орусиянын "кооптуу аракеттерин" ачыкка чыгарган Чехияны колдой турганын билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 18-апрелде билдирүү таратып, Чехиянын 2014-жылы болгон жарылууга орус тарапты айыптаганын "акылга сыйгыс" жана "чагым" деп мүнөздөдү. Ошондой эле Москва Чехиянын кадамына жооп берерин эскертти.

XS
SM
MD
LG