Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Дүйнөдө вирустан каза болгондордун саны 3 миллиондон ашты


Ооруканаларда орун жетишпей, спорт комплексинде ачылган күндүзгү стационар. Бишкек. Июль, 2020-жыл.
Ооруканаларда орун жетишпей, спорт комплексинде ачылган күндүзгү стационар. Бишкек. Июль, 2020-жыл.

Дүйнөдө коронавирус илдетинен көз жумган адамдардын саны үч миллиондон ашты. Пандемия башталгандан берки убакта жалпысынан 140 миллиондон ашуун адам ооруга чалдыкты. Ушул тапта COVID-19 менен алышып жаткан 18 миллион адам бар. Алардын ичинен 106 миңи илдеттин оор түрү менен ооруп жатышат.

АКШдагы Хопкинс университети маалымдагандай, акыркы жумада күн сайын 12 миң чамалуу адам коронавирустан улам жашоо менен кош айтышты. Күн сайын дүйнөдө 700 миң адам ооруга жаңыдан чалдыгып жатканы - пандемия басаңдабаганынын далили.

Коронавируска чалдыккан жана андан көз жумган адамдардын көптүгү жагынан АКШ 1-орунда турат. Америкада 32 миллиондон ашуун адам ооруну жугузуп алган, 580 миңге жакын бейтап кайтыш болду. Бразилия, Индия жана Франция коронавирустун үчүнчү толкуну менен алышууда.

Бразилияда күнүгө 3000 чамалуу адам коронавирустан көз жумууда. Адам өлүмү көбөйгөндүктөн, өлкөдөгү көрүстөндөр түнкүсүн да иштеп жатат.

АКШда жалпы элдин чейрек бөлүгү коронавируска каршы эмделди. Британияда калктын 60% кеминде вакцинанын бир жолку дозасын алган, бул өлкөдө илдеттен күн сайын 30 адам көз жумууда.

Индияда бир күндө 180 миң адам коронавируска чалдыкканы расмий тастыкталган.

Европада вирустун "Британ штаммы" көбөйүп жатканы кабарланды.

Жапонияда коронавируска чалдыккан адамдар көбөйгөндүктөн жайкы Олимпиада оюндары дагы жылдырылышы ыктымалдыгы айтыла баштады.

124 миллион адам жашаган Жапонияда элдин 1% гана эмделди. Күн чыгыш өлкөсүндө ооруга 525 миңден ашуун адам кабылган, 9584 адам илдеттен көз жумган.

Кыргызстанда 18-апрелге карата 244 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Былтыр марттан бери коронавирус оорусуна чалдыккандардын саны Кыргызстанда 91 883 адамга жетти. 86 907 бейтап оорудан сакайды.

Акыркы суткада үч адам коронавирустан көз жумду. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө катталды. Жалпы илдеттен 1549 адам көз жумду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG