Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

«Акнет иши»: Адвокаттар президентке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдан бери уланып келе жаткан «Акнет» компаниясындагы чырга сот чекит коё элек. “Ири суммадагы салыкты мамлекетке төккөн эмес” деп камакка алынган компаниянын президенти эки жылга жакын убакыттан бери абакта отурат.

13-апрелде абактагы Кубан Ажымудиновдун адвокаттары басма сөз жыйынын өткөрүп, анын президентке кайрылуусун окуп беришти. Ал эми Ажымудиновдон кийин компанияны башкарууга алгандар салыкты эки эсе көп төгүп жатканын айтышат.

Адвокаттардын айтышы

Бир жыл он айдан бери тергөө абагында жаткан «Акнет» компаниясынын мурдагы президенти Кубан Ажымудинов октябрдагы окуялардан кийин эки жолу эркиндикке чыгып, кайра камалган.

Ажымудинов президентке жазган ачык катында “тергөө иштери, сот процесси акыйкатсыз жүрүп, мурдагы бийлик баштаган рейдерлик басып алуу уланып жатканын” айткан. Ажымудиновдун кайрылуусун адвокаты Абаз Мамбетакунов окуп берди.

«Эки жылга жакын абакта отурган Кубан Ажымудинов президентке кайрылып жатат. Ким “Акнетти” тартып алганын түздөн-түз көрсөтүп берип жатат. Алмамбет Салиев тапшырма берип, экс-президентти алдап-соолап, бурмалап, башкача маалымат берип туруп, укук коргоо органдарына тапшырма берилип калган. Ошону менен токтобой инерция менен келатат бул иш».

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Иштин жагдайы

«Акнет» Кыргызстандагы телекоммуникациялык ири компания. Компаниянын акциясы учурда үч кишиге 33,3 пайыздан тийиштүү. Алар: Кубан Ажымудинов, Руслан Абдумажитов, Аскар Кутанов.

2018-жылга чейин «Акнеттин» президенти Кубан Ажымудинов, аткаруучу директору Руслан Абдумажитов болуп келген.

Компаниянын 66,7 пайыз акциясынын ээлери Кубан Ажымудинов менен Аскар Кутанов аткаруучу директор Руслан Абдумажитовдун ордуна 2018-жылы 23-ноябрда карындашы Гүлнара Ажымудинованы дайындаган.

Мындан кийин компаниянын аткаруучу директорлугунан алынган Руслан Абдумажитов «Акнеттин» президенти Кубан Ажымудинов түшкөн кирешелерди жашырып келген деп журналисттерге жыйын өткөргөн.

«Акнеттин» башкы кеңсесин Финансы полициясы 2018-жылы 22-ноябрда текшерүүгө алган.

«Акнетке» карата социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча 2019-жылы бир нече кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу былтыр май айында Кубан Ажимудинов жана “Акнет” менен биргеликте иш алпарган «Строй Сеть» компаниясынын директору менен башкы эсепчиси камакка алынган.

Кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Акнет» 150 миллион сом салык төлөбөгөнүн аныктаганын билдирген.

Ишти андан ары Ички иштер министрлиги (ИИМ) иликтеп, «Акнеттин» ошол кездеги жетекчиси Ажимудинов дагы 616 миллион 816 миң сом салыктан качканы аныкталганын билдирген. Мындан тышкары 384 миллион 901 миң сомду мыйзамсыз алып алганы расмий кабарланган.

Абдумажитов Кыргызстандан чыгып кеткен

Учурда «Акнет» компаниясынын акцияларынын үч ээси үч жакта. Кубан Ажымудинов тергөө абагында жатса, Руслан Абдумажитов 5-октябрдагы окуядан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Компаниянын үчүнчү ээси Алмаз Кутанов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ажымудиновдун адвокаттарынын айтымында Кутанов ооруп жатат.

Адвокат Рустам Абдурауфовдун айтуусунда, Руслан Абдумажитов өмүрүнөн кооптонгон үчүн өлкөдөн чыгып кеткен.

“Октябрь окуяларынан кийин Кубан Ажымудинов абактан чыкканда, анын туугандарына коркутуп-үркүтүүлөр болду. Менин телефонума “үйүңдү өрттөйм, өлтүрөм” деген каттар келген. Ушундай эле кат Руслан Абдумажитовдун телефонуна да келип турган. Ошондуктан абал турукташканча өлкөдөн чыга туруу чечимин кабыл алды”.

Кубан Ажымудинов 2020-жылы октябрдагы окуялардан кийин соттун чечими менен абактан чыккан. 6-октябрда Ажымудинов баштаган бир топ адамдар «Акнеттин» кеңсесине барганы жөнүндө тасма тараган. Ажымудиновдор өздөрү ижарага алган кеңсеге барганын айтса, «Акнеттин» учурдагы жетекчилиги компанияны басып алууга, аткаруучу директор Азат Базаркуловду күчтөп кармоого аракет жасашканын айтат.

Ажымудинов «Акнеттин» учурдагы президенти Нурбек Абаскановдун арызы менен 13-октябрда кайра камалган. Кубан Ажымудинов жана иниси Нурлан Ажымудиновго “Акнеттин” кеңсесин басып алуу боюнча кылмыш иши козголгон. Нурлан Ажымудинов октябрь айында камакка алынып, эки ай тергөө абагында жатып чыкты.

Ага-ини Ажымудиновдордон тышкары карындашы Гүлнара Ажимудиновага да салык жашыруу боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 8-апрелинде шаардык сот Ажымудиновдун ден соолугун жана башка беш себепти эске алуу менен үй камагына чыгарган. Бирок райондук сот 9-апрелде кайра ошол иш менен камакка алган. Ажымудиновдун адвокаттары райондук соттун бир иш үчүн эки жолу камакка алуусун мыйзам бузуу деп аташууда.

“Эми канчага чейин отурушу керек? Беш жыл сот болсо беш жыл отурабы? Мисалы, биринчи кылмыш иши менен Жаза кодексинин негизинде бир күн эки күндөн саналганда отурчусун отуруп койду”, - дейт адвокат Абаз Мамбетакунов.

Салыктын таржымалы

«Акнет» компаниясынын 2018-жылга чейинки президенти Кубан Ажымудиновдун адвокаты Абаз Мамбетакунов укук коргоо органдары, салык кызматы мамлекеттен жашырылды деген акчаны "асмандан алган" деп эсептейт.

«Бардык козголгон кылмыш иш негизсиз. Тергөөчүнүн фантазиясы менен ойлонуп табылган нерселер деп айтып жатат. Салык боюнча айта турган болсок, экономика, бухгалтердик тармактагы адистер өзүнүн баасын бериш керек, ансыз айта албайбыз. Салык кызматы өзүнүн текшерүү актыларын, чечимдерин эмненин негизинде чыгарып жатат? Документи жок эле, тергөө берген маалыматтын негизинде эсептеп чыгарып коюп жатат. Мыйзамга ал дал келбейт. Биз ошого күмөн санап жатабыз, туура саналганбы же туура эмеспи деп. Эгер эксперттер санап, мынча салык катып калган десе Ажымудинов төлөгөнгө даяр».

“Акнеттин” мурдагы президенти Кубан Ажымудинов камалгандан кийин компанияда менеджмент алмашкан. Ишкананын 66 пайыз акциясынын ээлери Руслан Абдумажитов менен Аскар Кутанов “Акнетке” президент кылып Нурбек Абаскановду, аткаруучу директор кылып “Мегаком” компаниясынын мурдагы жетекчиси Азат Базаркуловду дайындашкан. Компанияны учурда башкарып жаткан Нурбек Абасканов компания эки жылда салык эки эсе көп төгө баштады дейт.

«2018-жылы Кубан Ажымудинов учурунда 150 миллион сом мамлекетке салык төлөнгөн. Ал эми биз башкарган 2020-жылы жалпы 300 миллион сом салык төктүк. 2019-жылы 220 миллион сом салык төгүлдү, бирок бул жылдын жарымына чейин компанияны Ажымудиновдор башкарган».

Ал эми Кубан Ажымудиновдун адвокаттары «Акнетти» башкарып жаткан топ салык көп төгүлө баштады деп элди адаштырып жатканын айтышат. Алардын айтуусунда Ажымудиновдордун үй-бүлөсү эки жылдан бери компаниянын каржылык иши тууралуу маалымат алалбай келишет.

Кубан Ажымудиновдун атасы Токон Ажымудинов “Акнет” компаниясын тартып алуу аракети болуп жатат дейт.

“Жээнбековдор түзүп кеткен схема иштеп жатат. Уулума барып компаниядан баш тарт деп талап коюуда. Уулум ага кантип макул болот? Канча күчүн умшап, аракет кылып жүрүп түзүп алса. Жазып бербейт”.

Ал эми Руслан Абдумажитовдун адвокаты Рустам Абдурауфов “Акнетти” рейдерлик жол менен тартып алуу аракети болуп жатат деген сөздү четке какты. Ал “Акнеттин” айланасындагы жагдай болгону үлүш ээлеринин каржылык талаш-тартышы дейт.

“Дивиденддерди бербей келишкен. Ошондуктан Руслан Абдумажитов 6-7 жылдан бери компания бир адам тарабынан узурпацияланды деп арыз жазган”.

Үчкө бөлүнгөн 900 миллион дивиденд

«Акнет» компаниясы 2019-жылдын 3-июнунда жаңы жетекчилерге өткөндөн кийин Абдумажитов менен Кутанов бир канча жылдан бери чогулган 900 миллион сом дивидендди үч үлүш ээсине бөлүүнү чечкен.

«Акнет» компаниясы 33,3 пайыздан акциясы бар Ажымудинов, Абдумажитов, Кутановдун ар биринин эсебине алгач 150 миллион сомдон которгон. Бирок, Ажымудиновдун эсеби камакта болгондуктан ага түшкөн акчаны үй-бүлөсү ала алган эмес. Кийин Кубан Ажымудиновдун иниси Нурлан Ажымудинов дивидендди колго берүүнү талап кылганда компания үч үлүш ээсинин ар биринин колуна 30 миллион сомдон берген.

Дивиденддердин бөлүнүшү тууралуу Кубан Ажымудиновдун адвокаты мындай деди.

«Мурун Ажымудинов чогулткан 900 миллион сом бар экен. Ошол акчаны үчкө бөлүптүр. 150 миллион сом Ажымудиновдун камактагы эсебине которушуптур. Кийин 30 миллион сомдон бөлүнүп, аны Ажымудиновдун иниси Нурландын колуна беришкен».

Мындан кийин сот процесси жүрүп жаткандыгына байланыштуу дивиденддерди берүүнү токтотуу тууралуу сот чечими келип, 360 миллион сом ишкананын эсебинде калган.

«Акнеттин» учурдагы президенти Нурбек Абасканов бул каражаттын тагдыры сот процесси бүткөндөн кийин белгилүү болорун айтты.

«Акнет» ишканасы укук коргоо органдарынын көз кырына 2018-жылдын аягында түшкөн. Ажымудиновго мурда козголгон кылмыш иши боюнча бир канча сот процесси өттү. Акыркы жолу сот иши 9-апрелде болду. Кийинки сот качан болору белгисиз.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG