Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

«Акнеттен» чуулуу видео чубалып чыкты


Социалдык тармактарда «Акнет» компаниясынын кайсы бир үлүшүнө ээлик кылууга байланыштуу эки адамдын кер-мур айтышып жатканы жөнүндө видеотасма тарады.

Былтыр жыл соңунда «Акнетти» Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерип, Кыргызстандагы интернет-провайдерлердин арасында эң кирешелүү деп эсептелген бул компанияны басып алуу аракети жүргөнү кабарланган болчу.

Таратылган тасмада белгисиз бир адам компаниянын жетекчисинин иш бөлмөсүнө окшош жайда экинчи адамдан фирманы негиздөөчүлөрдүн биринин үлүшүн ага жаздырууну талап кылып, болбосо ага оор болуп каларын эскерткен.

Бул тасма боюнча тиешелүү укук коргоо органдарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Коомчулук өкүлдөрү тасмадагы бул териштирүүгө укуктук баа берилиши керек деп эсептешет.

Күмөндүү жагдай, күтүүсүз конок

10-апрель күнү кечке жуук Интернетте «Бандиттик Кыргызстан, «Акнеттеги» чыр, компанияны кимдер тартып алгысы келет» деген чуулгандуу видео тасма тарады. Тасманын башында жол тандабастарда жүргөн белгисиз адамдар «Акнеттин» кеңсесине окшош имаратка бир нече ирет келип, компаниянын жетекчилигин коркутуп-үркүтүп кеткени жазылган.

Тасмада ошондой эле белгисиз адам компаниянын кайсы бир жетекчиси менен жолугуп, анын өнөктөшү болгон адамдын үлүшүн ага жаздырууну талап кылган сүйлөшүүсү көрсөтүлөт. Бети көрүнбөй, артын салып отурган адам келген конокко «үчүнчү тарап үлүшүн сатса гана ал аны менен өнөктөш болорун» белгилеген. Бирок белгисиз конок сөз болуп жаткан адамдан үлүштү алып койгонун айткан. Ошондо кеңсенин ээси келген конокту үлүшкө ээлик кылууга укугу бар болсо, анда маселени сот аркылуу чечүүнү сунуш кылган:

«Финполду мен түшүнүп турам. Бирок Финполду жөнөтпөй, бир азга күтүп тура аласыңарбы? Макул. Юрист мага «эгерде алар көшөрүп туруп алса, анда маселени сот аркылуу чечебиз» деп сунуш кылып жатат. Биз эми башка эмне кыла алабыз? Эгерде сенин кандайдыр бир мыйзамдуу укугуң болсо, биз эмне кыла алмак элек?»

​Тасмада буга макул болбогон белгисиз конок кеңсенин ээсине ачууланып, мындай сунуш кылган анын юристин да жазалай турганын эскерткен. Ошондой эле сөз арасында ал да компаниянын директору сыяктуу эле жаңы жолтандабас мингиси келерин айткан. Ошол учурда «анда «Акнеттин» күнү бүтөт турбайбы» деген кеңсенин ээси келген конокко «компанияны тартып аларыңарды түшүнүп турам» деп жооп кайтарган. Бирок белгисиз адам компанияны түп-орду менен тартып алууга ниети жок экенин айтып, болгону 2007-жылдан 2018-жылга чейинки компаниянын 11 жылдык кирешесин бөлүп берип, ага мындан аркы үлүштүн бир бөлүгүн жаздырып, каттоону талап кылган. Бул белгисиз адам эгерде диалог болбосо, анда компаниянын иши оорлошорун эскерткен:

«Анда сот аркылуу кылалыбы? Байке, кийин татаал болуп калбайбы. Сиз кийин анан «иним, ушундай болуп калды, эми мындай кылалы, андай кылалы» деп ыйлап, жалдырабайсызбы? Мен сотту аралаштырбайм. Сотко бергидей мен эмне, келесоо белем? Мен башкача жасайм. Эгерде бизде диалог болбосо, анда сизге катуу болот. Акыры жыйынтыгында эгерде биз мындай бир сүйлөшө албасак, анда эки адам УКМК менен Финансы полициясына барып, сизге каршы арыз жазат».

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Компанияны үлүш ээлеринин бири Кубан Ажимудинов жетектейт. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Руслан Абдумажитов менен Кубан Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик чыккан. Былтыр 2018-жылы 19-ноябрда Финансы полициясы Руслан Абдумажитовдун арызы боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Акнеттин» адвокаты Амантур Абдрахманов чарбалык талаш сотто чечилиши керек деген пикирин айтып чыккан эле:

Амантур Абдрахманов.
Амантур Абдрахманов.

«Компаниянын үч негиздөөчүсүнүн бири азыркы жетекчиликке чарбалык маселе боюнча дооматы бар экен. Ошонун негизинде Финансы полициясына арыз жазыптыр. Анан ал жеке адамдын арызы менен келген Финансы полициясы мекемени тинтип, текшере баштады. Мыйзам боюнча чарбалык талаштар сот аркылуу гана чечилиши керек. Ага тиешелүү укук коргоо органдарын аралаштырып тартуу туура эмес болчу. Сот чечиши керек».

Үн катпаган үч орган

Азыр Интернетте кызуу талкууланып жаткан бул тасмадагы жагдайлар боюнча «Акнеттин» жетекчилиги кийинчерээк комментарий берерин билдирди. Тасмада белгисиз киши «эки үлүш ээсин арыз жаздырып, УКМК менен Финансы полициясын жиберем» дегени боюнча бул мекемелерде кандайдыр бир териштирүү жүрүп жатканы азырынча белгисиз. Бул суроого аталган мекемелерден жооп ала алган жокпуз.

Башкы прокуратуранын өкүлү Наргиза Куватова Интернетке жайылган видео тасма боюнча конкреттүү комментарий бере алган жок:

«Биз азыр «Акнет» боюнча эч нерсе деле айта албайбыз. Эми бул жерде тиешелүү башкармалыктар бар. Ошолордон билиш керек. Биз негизи кандайдыр бир мыйзам бузуу болгон учурда реакция жасайбыз. Бирок эми ар бир эле нерсени карай албайбыз да. Анын баарын карай турган башка мамлекеттик органдар бар. Тергөө кызматтары жана ыкчам бөлүктөрү бар. Биз эми көзөмөл жүргүзөбүз».

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев бул маселени парламентте көтөрө турганын айтып, укук коргоо органдарынын үн катпай жатканын сынга алды:

«Мыйзамда эгерде кандайдыр бир маалымат булагында бирөөнү коркуткан, «анын бизнесин басып алабыз» деген маалымат чыкса, тиешелүү укук коргоо органдары ал боюнча чара көрүүгө тийиш. Биз эмне, кайрадан баягы 90-жылдарга бара жатабызбы...? Эч нерседен тайманбай бастырып кирип, анан ал компаниянын кайсы бир үлүшүн видеодогу белгисиз адам жөн жерден эле баскынчылык мамиле менен талап кылып жатканы - бери дегенде аша чапкандык. Бул маселени мен парламенттеги башкаруучу коалициянын жыйынында көтөрүп, укук коргоо органдарына суроо берем. Мындайга чара көрүлбөсө, анда биздин ансыз да жагымсыз болуп турган инвестициялык климат ого бетер бузулат».

Каракчылыкты кимдер калкалайт?

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт Марат Иманкулов атайын кызмат менен Финансы полициясы видео тасмадагы белгисиз адамды издеп таап, анын ким экенин жана бийликтеги таасирдүү колдоочуларын аныктоого тийиш деп эсептейт.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

«Күмөндүү бирөөлөр кеңсеге келип алып, коркутуп-үркүтүп, бизнесин же анын кайсы бир үлүшүн же акчасын «тартып алабыз» деп жатышса - анда бул накта кылмыш да. Эгерде барган адамдар кайсы бир чарбалык талаш боюнча келишпей жаткан тараптын адамы болсо, анда анын баары сот аркылуу гана чечилиши керек. Буга укук коргоо органдары да кийлигишкени туура болбойт. Анан териштирүү үчүн башка бирөөлөр барып алып коркутуп-үркүтүп жатышса - анда буга укук коргоо органдары чара көрүшү керек. Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар унчукпай карап турган болсо, анда ошондой мамлекеттик органдын кереги барбы же жокпу деген эле тыянак болушу мүмкүн», - деди Марат Иманкулов.

Былтыр 22-ноябрда Финансы полициясы «Акнет» компаниясын тинтип, текшерүүгө алып, анын жыйынтыгы боюнча төрт кылмыш ишин козгогон эле. Буга байланыштуу компаниянын иши бир нече күнгө үзгүлтүккө учураган. Компания козголгон кылмыш иштерин рейдерлик басып алуу аракети катары баалаган болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG