Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

"Акнеттеги" үлүш талаш ишти аксатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Акнет" ишканасына карата кылмыш ишинин козголушунун арты менен жүздөгөн абоненттер телевидение жана Интернет начар иштеп жатканына нааразы боло баштады.

Бишкектеги аталган компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүүгө алды. Компания муну рейдердик басып алуу катары сыпаттап, жумуш токтошу мүмкүн экенин билдирди. Ал эми текшерүү жүргүзгөн мекеме бул ишкана тууралуу "ири өлчөмдө салык төлөбөй койгон" деген арыз түшкөнүн белгилеп жатат.

Кардарды түйшөлткөн мүчүлүштүк

Бишкекте "Акнет" провайдери аркылуу телевидениеге жана Интернетке туташкан кишилер 22-ноябрда түшүнүксүз жагдайга кабылышты. Бир канча чет элдик телеканалдар көрсөтпөй, Интернет байланышында да мүчүлүштүк пайда болду.

Телеэкранда ""Акнетке" каршы рейдердик басып алуу болуп жатат, тейлөө токтошу мүмкүн" деген маанидеги жазуу чыгып калды. Ал арадта абоненттер компанияга чалып, түшүндүрмө талап кылып жатышты. Алардын бири Улукбек Оморов:

- Чалсам, жооп беришпейт. "Whatsapp" номуруна жаздым. Окуйт, жооп жок. Кечинде сайттар "Акнетте" талаш болуп жатканын жазып чыгышты. Бирок мындай учурда абоненттер жабыркабашы керек да. Биз башында түзүлгөн келишим боюнча бир айлык акчасын төлөп койгонбуз. Анан эле көрүп отурган каналың чыкпай калса, туура эмес. Биздин укукту ким коргойт? - деп нааразы болду.

Улукбек эми "башка провайдерге өтсөмбү" деп ойлонууда. Бирок компанияны азырынча кардарлардын маселеси эмес, бөлөк жагдай түйшүккө салып жаткандай. "Акнеттин" сайтында ишканага байланыштуу тергөө жүргөнү, абоненттер тынчсызданбай, тескерисинче, компанияны колдоп-кубатташы керек экендиги жазылып турат.

Жагдайдын чоо-жайы

"Акнет" телекоммуникациялык компаниясынын башкы кеңсесин Финансы полициясы 22-ноябрда текшерүүгө алган. Кылмыш-жаза кодексинин 221- ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") беренеси менен иш козголгон. Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискур "Азаттыкка" кыскача комментарий берди:

- Тинтүү соттун санкциясы менен жүргүзүлдү. Компания жетекчилиги кызмат абалынан кыянат пайдаланганы, ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү тууралуу арыз түшкөн. Арыздын негизинде тийиштүү документтерди алыш үчүн текшерүү болду.

Ири өлчөмдө төлөнбөгөн салык канча сом экени ачык айтыла элек. Компаниянын өкүлдөрү болсо мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан Абдумажитов "Акнетке" каршы негизсиз арыз берип, ишкананы рейдерлик жол менен тартып алууну көздөгөнүн айтып жатышат. Ишкананын өкүлү Амантур Абдырахманов тинтүүнүн жүрүшү мыйзамсыз аракеттер менен коштолгонун айтты:

- Тинтүү мыйзамдарды одоно бузуу менен жүрдү. Эреже боюнча тергөөчү кылмыш иши козголгон ишке байланыштуу документтерди эле алышы керек болчу. Бирок булар бастырып келип эле колуна тийген документтин баарын алып жатышты. Документтерди каттоого да албай, жөн эле тартып алып, машинеге жүктөп кетишти. Тинтүү 22-ноябрда кечки саат алтыларда башталып, эртең мененки бештерге чейин уланды. Алдын-ала маалымат боюнча, компанияны негиздеген кишилердин ортосундагы каражатка байланыштуу талаштан улам маселе чыккан. Бул сот менен чечиле турган иш болчу. Финполиция аркылуу кылмыш ишинин козголгонуна караганда, кызыкчылыгы бар адамдар аралашкан окшойт.

Маалыматка караганда, "Акнетке" үч киши ээлик кылат. Алар - Кубан Ажумидинов, Руслан Абдумажитов жана Аскар Кутанов. Негизги талаш Ажумидинов менен Абдумажитовдун ортосунда болууда.

Финполицияга даттанган Руслан Абдумажитов анын чоо-жайын мындайча түшүндүрдү:

- Уставга ылайык, салыктан, айлыктан тышкары, түшкөн кирешени 33,3 пайыздан бөлүшүбүз керек эле. Бирок Кубан Ажумидинов аны аткарбады. Тескерисинче, бизди күч органдары аркылуу мени коркутуп жүргөн. Ошондуктан Финполицияга арыз жаздым. Компанияга ээлик кылган үчүнчү киши - Кутанов башынан эле биз менен байланышпайт.

Абдумажитов эгер түз эле сотко даттанса, маселе чечилбей калышы мүмкүндүгүн, ошондуктан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка кайрылганын кошумчалады.

"Азаттык" азырынча "акчаны бөлүшпөй жатат" деген Ажумидиновго байланыша алган жок. Кутановдон да маалыматты тактаганга мүмкүн болбоду.

Финансы полициясы “Акнетти” текшерүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

Мындан ары эмне эмне болот?

Учурда "Акнеттин" кеңсесинде иш дээрлик токтоп турат. Адистер банк эсептери жабылганын маалымдашты.

Ошондон улам кызматкерлер 23-ноябрда митингге чыгып, нааразылык билдиришти. Алар соңку жагдайлар ишке терс таасир этип, айлык төлөөдө кыйынчылык жаралышы мүмкүн экенин айтышты.

"Акнеттин" пакетиндеги айрым чет элдик каналдардын көбү көрсөтпөй калды. Ал эми Интернет иштеп жатат. Мүчүлүштүк дагы канча убакытка созулары, абоненттерге бул үчүн компенсация төлөнөбү же жокпу, азырынча белгисиз. Компаниянын адистери муну кардарлар менен өз ара чечишип аларын билдиришти.

"Акнет" - Бишкек, Ош шаарларында Интернет, телекоммуникация тармагында иш алып барган компаниялардын бири.

Абоненттер Интернеттин трафигине, каналдардын санына жараша айына алдын ала 990 сомдон 1650 сомго чейин акы төлөшөт. Расмий эмес маалыматтырга ылайык, компания жүз миңден ашуун кардарды тейлейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG