Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

FH: Кыргызстанда Интернет жарым-жартылай гана эркин


"Freedom House" уюмунун графикалык отчету. Жашыл түс - "эркин", сары - "жарым жартылай", сыя түс - "эркин эмес" өлкөлөр.
"Freedom House" уюмунун графикалык отчету. Жашыл түс - "эркин", сары - "жарым жартылай", сыя түс - "эркин эмес" өлкөлөр.

"Freedom House" 1-ноябрда дүйнөдөгү Интернет эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялады. Анда сегиз жылдан бери Интернет эркиндиги чектелип жатканы белгиленет. Ал түгүл айрым өлкөлөр Орусия менен Кытайдын бөгөт коюу ыкмаларын колдонуп, “жалган маалыматтар менен күрөш” шылтоосу менен “санариптик авторитаризм” куруп жатканы айтылат.

"Атайын бурмаланган же чаташтыруучу маалыматтар чынында мүшкүл. Бирок айрым өлкөлөр аны маалыматка көзөмөлдү бекемдеш үчүн колдонууда" дейт баяндама авторлорунун бири Адриан Шахбаз.

Иликтөө Дүйнөлүк желенин 87% ээлеген 65 өлкөдө жүргөн. Анын ичинде Кыргызстанда Интернет “жарым-жартылай эркин” деп бааланат. Айрым алгылыктуу кадамдарга карабай Өзбекстан дагы эле “эркин эмес” деп баалангандардын арасында. Ушул эле топто Казакстан, Орусия, Беларусь, Кытай жана башкалар бар. Бул өлкөлөрдө интернет-сайттарда бийликке сын жазгандар айыппулга жыгылып, камалганы учурлар болгону белгиленет.

Интернет колдонуучулардун эркиндиги жагынан сап башында Эстония менен Исландия турат.

XS
SM
MD
LG