Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:01

Тажикстандын Салык комитетинин башчысы Нусратулло Давлатзода электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялардан салык алууну өкмөткө сунуш кылды. Эксперттер аткаминердин мындай демилгесин өлкө казынасын толтуруунун бир аргасы катары көрүшсө, ошол эле маалда "бул маалымат алуу эркиндигин чектөө болушу мүмкүн" дегендер да чыкты.

Тажикстандын башкы салыкчысынын президент Эмомали Рахмонго сентябрь айында жазган каты маалымат каражаттарына тарады. Анда Нусратулло Давлатзоде мисал катары Орусиянын тажрыйбасына кайрылат.

Орусиянын аймагында Интернет аркылуу электрондук кызмат көрсөткөн "Google", "Apple", "Microsoft", "Facebook", "eBay", "Aliexpress", "Yahoo", "Bing" сыяктуу чет элдик компаниялардан кошумча нарк салыгы алынат. Тажик министри Орусия бул компаниялардан ушул жылдын биринчи кварталында эки миллиард доллар салык жыйнаганын жүйө келтирет. Давлатзоде сунуш кылган документти Интернет чөйрөсүндө «Гугл салык» деп атап алышты.

Тажик салыкчыларынын башчысы дагы "Google салыгын" киргизүү "мамлекеттик бюджетке салым болмок" деп ынандырат. "Интернет аркылуу көрсөтүлгөн бардык кызматтарды жөнгө салууга убакыт келди. Салык мыйзамына кошумча киргизип, электрондук формада жарандарга кызмат көрсөткөн чет элдик компанияларды салык төлөөгө милдеттендириш керек", - дейт Давлатзоде.

Соңку кезде тажик аткаминерлери ушуну менен экинчи жолу глобалдык интернет-компаниялардан салык алууну сунуштап жатышат. Мындан бир нече жыл мурун өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматынын жетекчиси Бег Сабур тажик бийлиги "Фейсбукка" тосмо койгондо анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг менен жолугуп, Тажикстанда иштеши үчүн салык төлөө жагын сүйлөшүүнү туура көрөрүн айткан.

Аты-жөнүн айткысы келбеген экономикалык маселелер боюнча эксперт "Азаттыктын" тажик редакциясына "Салык кызматынын мындай сунушу өлкөнүн казынасын толтурбастан, тескерисинче эл аралык аренада анын беделин түшүрөт" деген оюн ортого салган.

“Тажикстандан "Google" чоң деле пайда таппайт. Деңизге тамган тамчыдай. Электрондук почта, котормочу, браузер, "Ютуб" жана "Гугл-диск" – булар бекер. Андыктан аткаминерлер "Гуглдан" эмне талап кылып жатканы түшүнүксүз. Башкача айтканда "Google" өзүнүн бекер кызматтары үчүн Тажикстанга салык төлөшү керекпи?", - деп суроо берет эксперт.

Адистер ошондой эле коңшу өлкөдө интернет-дүкөндөрдүн кызмат көрсөтүүсү эми гана жанданып баратканын белгилешет.

Ал эми тажикстандык журналист Абдулло Ашуров болсо Орусиянын Интернет мейкиндиги менен Тажикстандыкын салыштыруу одоно болоруна токтолот.

“Давлатзоде "Орусияда ушундай салык алынат" деп айтып жатат. Бирок биздин аткаминер Орусияда "Google" компаниясынын өкүлчүлүгү, кеңселери бар экенин, ал жерде кызматкерлер иштээрин эске албай жатат. Ошондой эле Тажикстандын телекоммуникация базарын Орусияныкы менен салыштырууга болбойт. Орустарда Интернеттин жайылганы, аны колдонгондордун саны тажиктерге салыштырганда эселеп арбын. Орусияда 180 млн. калк бар, Тажикстандын эли болгону 8,5 млн. киши”, – дейт журналист Ашуров.

Тажикстандын Салык кызматынын жетекчиси Давлатзоденин демилгеси коңшу өлкөдө салык жыйноо кыйынчылыкка учураган маалда айтылды. Өткөн тогуз айда өлкө бюджетине 212 миллион сомони аз түшкөн, социалдык салыктар дагы толук жыйналган эмес.

Ноябрь айынын этегинде Салык жана Бажы кызматтарынын жетекчилери президент Рахмондон сөгүш алышкан. Президенттин администрациясы Давлатзоданын "Google салыгын" алуу боюнча сунушун үч айдан бери карай элек.

Маалымат технологиясы боюнча бишкектик эксперт Азис Абакировдун пикиринде Интернетте кызмат көрсөткөн компанияларга салык салуу идеясы маалымат алууну чектөөнү да көздөшү мүмкүн. Ал Орусияда кабыл алынган “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамга маалымат технологиялары боюнча компаниялар да камтылганын эске салат.

Тажикстанда маалымат сайттары, социалдык түйүндөр белгилүү бир мөөнөткө жабылып калган учурлар бир топ катталган.

Акыркы эки жылдан бери эл көп кирген сайттарды тосмологону үчүн тажик бийлигине нечен жолу доомат айтылган. Тажикстан сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында турат.

Былтыр Бирдиктүү коммуникациялык борбор түзүлгөн. Коңшу өлкөдөгү бардык байланыш кызматтары дал ушул борбор аркылуу гана көрсөтүлөт. Эркин эксперттер борбор сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөп, интернет-трафикти текшерүүгө мүмкүнчүлүк берери айтып чыгышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG