Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:35

"Telegram" купуя саясатын өзгөрттү


Москвада "Телеграмды" колдогон акциянын катышуучусу. 30-апрель, 2018-жыл.

"Телеграм" cоттун чечими менен атайын кызматтарга “террорчулук боюнча шектүүлөрдүн” жеке маалыматын берет. Канал купуялуулук саясатын өзгөртүп, колдонуучулардын IP-даректери жана телефон номерлери кайсы учурда атайын кызматтарга бериле турганы жөнүндө жаңы эреже киргизди. Орусиялыктар "Телеграмды" бийликтин чеңгелинен коргоп көчөлөргө чыгышкан.

"Telegram" эми соттун чечиминин негизинде кандайдыр бир террордук ишке байланыштуу шек саналып жаткан колдонуучунун жеке маалыматын атайын кызматтарга берет.

Каналдын негиздөөчүсү Павел Дуров "Телеграмдын" купуялуулук саясаты жеке маалыматты коргоо боюнча жаңы европалык мыйзамдарга ылайыкташканын билдирди.

- Купуялуулукту сактоо жөнүндө саясатыбызда колдонуучулардын IP-даректерин жана телефон номерлерин соттун чечими менен тиешелүү кызматтарга берүү укугун өзүбүзгө калтырдык. Биз ал укуктан пайдаланабызбы же жокпу, ага карабастан, мындай чара террористтик үгүт жүргүзүүдө "Telegram" каналын колдонууну азайтышы керек.

Павел Дуров "Телеграмга" каршы сот иши жүрүп жатканда "купуялуулук сатыкка коюлбайт жана коркуу адам укуктарына шек келтирбеши керек" деп жазган.

Каналдын жетекчилиги Орусиянын Конституциясы кат алышуунун, почта, телеграф аркылуу жиберилген кат-кабардын купуялуулугуна кепилдик берерин эскертип, бекем позицясын көрсөткөн.

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) версиясына ылайык, Санкт-Петербургдун метросун жардырууга айыпталгандар чабуулга даярданып жатканда "Телеграмды" колдонушкан.

"Телеграм" азырынча эч кимдин маалыматы атайын кызматтарга бериле элек экенин белгилейт. Эгер кимдин бирөөнүн купуя маалыматы атайын кызматтарга жиберилсе, жарым жыл сайын атайын каналына жарыялап турат.

"Телеграм" менен Кремлдин тиреши башталгандан бери компанияны коргоп жүргөн, эл аралык "Агора" деп аталган топтун жетекчиси Павел Чиков кырдаалга мындайча комментарий берди:

- Бул туура багыт. Биз - "Telegram" каналынын таламын талашкандар -терроризм менен күрөшүү бийликтин укугу, анын милдети экенин эч качан жокко чыгарган эмеспиз. Тескерисинче, маалыматты берүү үчүн соттун чечими менен кайрылуу керек. Болгону IP-даректери менен телефон номерлери гана берилет. Улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы менен жеке жашоонун кол тийбестик укугунун ортосунда тең салмак табылышы керек. "Telegram" өз вариантын берди, ФСБден эч кандай сунуш жок.

13-апрелде Москвада сот Орусияда "Телеграмга" бөгөт коюуга чечим чыгарган. Дуров ФСБга колдонуучулардын жеке маалыматы менен жазышкан каттарынын шифрлерин берүүдөн баш тарткан. Андан көп өтпөй эле Роскомнадзор каналды жабуу операциясына киришкен.

16-апрелде Орусиянын ар кай жеринде каналга бөгөт коюлуп, 19 миллионго жакын IP-дарек тосмолонгон.

30-апрелде Москвада "Телеграмды" коргогон митинг өткөн. Ага 12 миңден ашуун киши чыккан. Орусиянын полициясы митингчилердин санын жети жарым миң киши экенин билдирген. Көчөгө чыккандар "Телеграмга" бөгөт коюну токтотуп, Роскомнадзордун жетекчиси Александр Жаровду кызматтан алууну талап кылышкан.

13-майда «Интернет эркиндиги үчүн» аттуу нааразылык акциясында 20дай киши кармалган.

Кремлдин бөгөт койгонуна карабай, орусиялыктар кат-кабар алышуунун популярдуу жолун кеңири колдонуп жатышат.

Орус бийлигинин «Телеграм» каналын жабуу аракетинен IT компаниялар 2 миллиард доллардан ашуун чыгым тартканы болжолдолгон.

"Телеграмды" Орусияда туулуп-өскөн Павел Дуров негиздеген. Ал 2014-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. 2017-жылы “Forbes” журналы аны орусиялык 200 миллиардердин катарына кошкон жана байлыгын 1 млрд. 700 млн. доллар деп баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG