Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болду


Майрамбек Тойгонбаев.
Майрамбек Тойгонбаев.

Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте 34 жаштагы журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болду. Ал 12-апрелде инсульт алып, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Коомдук телерадио корпорациясында кабарчы болуп иштеген, “Телекүзөт”, “Мыйзам жана коом”, “Жаза кайтарылгыс” («Наказание неотвратимо») деген көрсөтүүлөрдү даярдаган. Тойгонбаев Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз катчысы болуп да эмгектенген. Акыркы жылдары Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында журналист, сектор башчы болуп иштеп келген.

Майрамбек Тойгонбаев 1987-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Большевик айылында төрөлгөн. Эки уул, бир кыздын атасы.

Маркумдун сөөгү өзү туулуп өскөн айылга коюлат. (MTa)

XS
SM
MD
LG