Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

COVID-19дан абалы оорлогондор көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан абалы оорлоп, ооруканага түшкөндөр көбөйүүдө. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын 17-апрелдеги маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ооруканада жаткандардын 3,3% абалы өтө оор деп мүнөздөлүп жатат.

Азыр ооруканаларда 1130 бейтап жатат, алардын 26сынын абалы канааттандырарлык.

Калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат.

287 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 менен жаткандардын 25,3% түзүүдө. Эки апта мурда бул көрсөткүч 19,8% болчу.

Өтө оор абалдагылар 38 адам. Алар ооруканада жаткандардын 3,3%

Коронавирус жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 92 миңге жетти, алардын 1546сы каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG