Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:12

Өзүнө өрт коёрун айткан аялдардын иши өзүм билемдик катары тергелүүдө


Пригородное айыл өкмөтү. 2021-жылдын 15-апрели.
Пригородное айыл өкмөтү. 2021-жылдын 15-апрели.

Насыя маселеси боюнча Чүйдүн Пригородное айыл өкмөтүндө акция уюштурган аялдардын иши Жазык кодексинин “Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу” деген 208-беренесинин негизинде тергелип жатат. Бул тууралуу 16-апрелде облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-апрелде он чакты аял айыл өкмөтүнүн имаратына таң атпай кирип барып, насыя маселесин чечүүнү талап кылышкан, болбосо өзүнө өрт коерун айтышкан. Коопсуздук максатында милиция имаратты тосмого алган. Түштөн кийин аялдар имараттан чыгышкан.

“Азаттыктын” кабарчылары окуя болгон жерге барганда аялдар банктан алган насыясын төлөй албай кыйналып жатышканын, пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам акча табуу оорлогонун жана көйгөйгө өкмөттүн көңүлүн буруу максатында акцияга чыгышканын айтып беришкен.

Кыргызстанда 22 коммерциялык банк бар, чакан насыя уюмдарынын саны 140тын тегерегинде.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2019-жылы 600 миңден ашуун кыргызстандык жалпысынан 30 миллион сомдон ашуун (355 миң доллар) суммага насыя алган. Бул акчанын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасына жана жеке муктаждыктарга берилген.

Башкы банк 2020-жылдын март айына карата кыргызстандыктардын коммерциялык банктарга насыя карызынын жалпы суммасы 152 миллиард сом экенин маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG