Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

Жапон өкмөтү Чүйдөгү байыркы эстеликтерди коргоого көмөктөшөт


Жолугушууга маданият министри Кайрат Иманалиев жана JICAнын Кыргызстандагы өкүлү Немото Наоюки катышты.
Жолугушууга маданият министри Кайрат Иманалиев жана JICAнын Кыргызстандагы өкүлү Немото Наоюки катышты.

Жапон өкмөтү Чүй облусунун Ак-Бешим айылынын тургундарын бул аймакта жайгашкан байыркы археологиялык эстеликтерди коргоого үйрөтүү жана туристтерди тейлөөчү кадрларды даярдоо боюнча долбоорду ишке ашырууга көмөктөшөт. Бул тууралуу 16-апрелде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда “Чүй өрөөнүндөгү Улуу Жибек Жолунда жайгашкан орто кылымдардагы шаарлар” деген кыргыз, орус жана англис тилдериндеги маалыматтык буклеттер Туризм департаментине тапшырылды.

Ошондой эле 2020-2025-жылдар аралыгында Чүй районундагы эл аралык маанидеги Ак-Бешим археологиялык эстелигинин базасындагы долбоорду бирге ишке ашыруу тууралуу сөз болду. Долбоордун алкагында VI-XII кылымдарга таандык бул эстеликти коргоо менен бирге туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн жергиликтүү коомчулукту окутуу жана жаш кадрларды даярдоо болот.

JICAнын колдоосу менен Ак-Бешимде тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө, коргоо жана ал тууралуу маалымат таратуу иши бир нече жылдан бери системалуу түрдө жүргүзүлүп келе жатат.

2014-жылы байыркы Суяб (азыркы Ак-Бешим) шаарчасы ЮНЕСКОнун өкмөт аралык комитетинин 38-сессиясында Чүй өрөөнүндөгү байыркы шаар калдыктарынын бири катары дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG