Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Исмаил Исаков: Июнь окуясы боюнча маселени кайра козгоо опурталдуу


Исмаил Исаков. Архивдик сүрөт.
Исмаил Исаков. Архивдик сүрөт.

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү атайын өкүлү болгон Исмаил Исаков Июнь окуясы боюнча маселени кайра козгоо опурталдуу деп эсептейт. Мындай пикирин ал 17-апрелде “Азаттыкка” билдирди:

“Көптөгөн фактылар бизде да бар. Аларды керек болсо биз чыгарганга мүмкүнчүлүк берилип жатат. Анда азыркы маселе башка нукка бурулуп кетиши ыктымал. Биз баарын айтып беребиз, Убактылуу өкмөт ошол учурда эки тараптын ортосунда болуп, аскерлер жетпей, токтотконго аракет кылып жүргөнбүз”.

Исаков Июнь коогасы үчүн күнөөлүүлөрдүн эң негизгилери Бакиевдер экени комиссиянын корутундусунда айтылганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Июнь окуясы боюнча материалдарды иликтөөнү эки апта мурда тапшырган.

16-апрелде УКМК Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген 304-беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирди. Бул иш качан козголгону айтылган жок. Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экени гана маалымдалды.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, 400дөн ашуун адам каза болгон. (MTa)

XS
SM
MD
LG