Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Чүйдө уурдалды деп айтылган бала табылды


Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзаданын окуясынан кийинки нааразылык акциясы. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзаданын окуясынан кийинки нааразылык акциясы. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

Ысык-Ата районунун тургуну 17 жаштагы баласын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин айтып, 18-апрелде түндө милицияга кайрылган. Уулу Кең-Булуң айылындагы үйүнөн Ивановка айылына телефонун оңдотуп келүү үчүн чыгып кетип, кайрылып келбегенин билдирген. Аялдын маалымдашынча, уулу 17-апрелде саат 19:00 чамасында телефон чалып, үйүнө келе жатканын айткан. Андан тышкары белгисиз машина артынан түшүп алганын айтып, телефонду өчүрүп койгон. Апасы бир нече жолу телефон чалганда, албай койгон. Жарым сааттан кийин жооп берип, аны белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин айткан.

Бул окуя Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иштин алкагында издөө жүргөн.

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ивановка, Кең-Булуң жана Чолпон айылдарындагы талаа, жайыттарды, ээн үйлөрдү жана имараттарды тинтип чыгышкан. Өлкө боюнча кабар берилип, районго кирип чыккан жерге блокпосттор коюлган.

Натыйжада улан Новопокровка айылындагы досунун үйүнөн аман-эсен табылган. Ал апасын тамашага салып, өзүн "уурдап кетишти" деп билдиргени аныкталды.

Бала ата-энесинин колуна тапшырылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын башынан бери жалпы "Адам уурдоо" беренеси боюнча 89 факты катталган. Анын ичинен 74 иш кыскартылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG