Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Раул Кастро Кубанын Компартиясынын башчысы кызматынан кетти


Кубанын Компартиясынын Биринчи катчысы Раул Кастро Рус (Raul Castro Ruz). 2019-жылдын 1-январы.
Кубанын Компартиясынын Биринчи катчысы Раул Кастро Рус (Raul Castro Ruz). 2019-жылдын 1-январы.

Раул Кастро Кубанын Коммунисттик партиясынын башчылыгынан өз ыктыяры менен чегинди. Ошентип, 1959-жылкы элдик ыңкылаптын жеңиши менен анын бир тууган агасы Фидел бийликти колго алган учурдан бери алгачкы жолу өлкө лидерлеринин катарында Кастро тукумунун эч өкүлү болбойт.

89 жаштагы Раул Кастро 16-апрелде Кубанын башкаруучу партиясынын сегизинчи курултайынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө өз чечими тууралуу шардана кылды.

Ал "өз милдетин аткарып бүткөн соң" ардагерликке чыгып жаткандыгын айтты.

Раул Кастро сыналгы аркылуу кайрылуусунда: "Канчалык тирүү бойдон калсам, ошончолук мен бутумду үзөңгүгө салып, атажуртту, ыңкылапты жана социализмди мурда болуп көрбөгөндөй күч-кубат менен коргоого даяр бойдон кала беремин!” – деп баса белгиледи.

Раул Кастро мураскер катары кимдир-бирөөнү сүрөөнгө алган жок, бирок буга чейин ал 2018-жылы Кубанын президенти болуп Кастронун ордуна келген 61 жаштагы Мигел Диас-Канел мырзаны колдоп сүйлөгөндүгү маалым.


Раулдун агасы Фидел Кастро (1926—2016) диктатор Фулхенсио Батистаны бийликтен кетирген 1959-жылдагы элдик ыңкылапты жетектеген. Ал 1965-жылы Кубанын Коммунисттик партиясынын башчысы болгон. 2008-жылы ал мамлекеттик башчылык тизгинди иниси Раулга өткөрүп бергенге чейин өлкөнү ырааттуу башкарган.

Куба азыр да бир партиянын үстөмдүгү астындагы социалисттик авторитардык режим бойдон кала берүүдө.


Калкы 11 миллион кишиден ашкан бул өлкөдө советтик аскерлердин курамында далай кыргыз жоокерлер кызмат кылышкан. Кубалыктар Кыргызстандагы ЖОЖдордо жана аскердик учкучтар окуу жайында да таалим алышкан.

Кыргызстандын “Замандаш” партиясынын алгакы төрагасы Мухтар Сүйүналиевич Өмүракунов 2011-жылы 30-апрелде Кубанын Варадеро жергесинде кырсыктан каза болгон. (TT)

XS
SM
MD
LG