Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

АКШ кубалык он беш дипломатты өлкөдөн чыгарат


Кубанын Вашингтондогу элчилиги. 2015-жыл.
Кубанын Вашингтондогу элчилиги. 2015-жыл.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти кубалык он беш дипломаттан бир жума аралыгында өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Куба аралдагы америкалык дипломаттарды коргой албады деп билдирди. Куба бийлиги Вашингтондун чечимин “негизсиз” деп атады.

Өткөн аптада Вашингтон Гаванадагы дипломаттарынын жарымынан көбүн чакыртып алган. Ага чейин Кубадагы америкалык дипломаттардын 20дан ашыгынын саламаттыгына доо кетип, угуусу начарлаганы, баш айлануу, баш оорууга кабылганы айтылган. АКШ Гаванадагы өз элчилигине “акустикалык чабуул” болгонун айтууда.

Куба бийлиги буга катышы жоктугун маалымдап жатат. АКШнын Гаванадагы элчилиги виза берүү жараянын токтотту, ошол эле кезде шашылыш учурларда кызмат көрсөтүүлөрдү улантууда.

Эки өлкө 2015-жылы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда дипломатиялык алаканы калыбына келтиришкен. Андан мурдагы мезгилдерде 50дөн көп мамилелери үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG