Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

АКШ Кубадагы дипломаттарынын көбүн артка чакырды


АКШнын Гаванадагы элчилиги
АКШнын Гаванадагы элчилиги

Кошмо Штаттар Кубадагы дипломатиялык кызматкерлеринин 60 пайызын артка чакыртты. Мындай чечим Гаванадагы элчиликте иштеген 21 киши жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү белгисиз себептен улам өздөрүн начар сезе баштагандан кийин кабыл алынды. Ал кызматкерлер башы айланып, кускусу келгенин, угуусу начарлаганын айтышкан.

Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү элчиликтеги дипломаттардын ден соолугуна коркунуч жаралганын билдиришти.

“Ассошиэйтед пресс” агенттиги өз булактарына таянып, америкалык туристтерге да Кубага барбай туруу эскертүүсү берилгенин кабарлады.

Кубанын бийлиги бул окуяларга тиешеси жоктугун, жагдайды иликтеп жатканын айтты.

Эки өлкө 2015-жылы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда дипломатиялык алаканы калыбына келтиришкен.

XS
SM
MD
LG