Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Фидель Кастро менен коштошууга миллион адам келди


Коштошуу шейшемби күнү кечинде Гаванада өттү. Революция аянтына миллиондой адам чогулду. Алардын көпчүлүгү колуна Кубанынын желегин кармап, “Жашасын, Фидель!” деп ураан чакырышты.

Куба революциясынын лидери менен коштошууга 50 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде Орусия жана АКШдан делегация келди. Коштошуу зыйнатында Мексика, Боливия, Венесуэла, Түштүк Африка Республикасы жана башка өлкөлөрдүн президенттери сөз сүйлөдү. Кубанын азыркы лидери Рауль Кастро агасын эскерди:

- Фидель бүт өмүрүн бириктирүүгө арнады. Ал эзилгендердин социалисттик революциясын ошол эзилгендер үчүн жетектеди. Ал колониализм, апартеид жана империализмге каршы эркиндик жана элдин ар намысы үчүн күрөштүн символуна айланды.

Шаршемби күнү Фидель Кастронун күлү салынган үкөк эскерүү сапарына чыгып, 4-декабрда Сантьяго де Куба шаарында жерге берилет. (AiT)

XS
SM
MD
LG