Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

АКШ Кубага аба каттамдарды кыскартат


Кубанын борбору Гавана. 2017-жыл
Кубанын борбору Гавана. 2017-жыл

АКШнын Транспорт министрлиги Куба менен аба каттамдары кыскартыларын жарыялады. Америкалык авиакомпаниялар буга чейин пландалган каттамдарды 45 күнгө токтотушат. Транспорт министрлиги тараткан маалыматта мындай чечим АКШ Мамлекеттик департаментинин өтүнүчү менен кабыл алынганы айтылат. АКШ бийлиги мындай жол менен адам укугун сактабаганы үчүн Куба өкмөтүнө экономикалык басым жасоого ниеттенүүдө.

Авиакаттамдарды токтотуу менен АКШдан келген жүргүнчүлөр алып келген америкалык валютанын Кубага киришин азайтуу максат кылынууда.

Бул тыюунун алкагында Кубадагы тогуз эл аралык аэропортко АКШдан учактар учпайт. Кубанын борбору Гавананын аэропортуна гана учак каттап турат.

XS
SM
MD
LG