Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Мухтар Өмүракунов акыркы сапарга узатылды


"Замандаш" партиясынын лидери жана меценат М.Өмүракуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-майда Бишкекте Айтматов атындагы Орус драма театрынын имаратында өттү.

Маркум Мухтарбек Өмүракуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты таң эрте башталып, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кошогу менен коштолуп турду.

Маркумду узатуу үчүн Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, санаалаштары, партиялаштары, саясатчылар келишти.

Саясатчы жана меценат Өмүракуновду Ат-Башыдагы айылына узатуу алдында парламент төрагасы Акматбек Келдибеков маркумдун мамлекет алдындагы эмгегин эскерди.

- Мухтарбек Өмүракунов “Замандаш” партиясынан тышкары кыргызстандык чет мамлекеттерде иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын башын кошуп, алардын көйгөйлүү маселелерин чечип келаткан.

2010-жылы өлкөбүздүн түштүгүндө орун алган июнь коогалаңында да алгачкылардан болуп гуманитардык жардамды өзү жеткирип барып, эки тарапты элдештирүүгө чоң салым кошкон.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов:

- “Замандаш” партиясынын лидеринин кайрымдуулук, демөөрчүлүк иштери башкаларга өрнөк болот.

Кезинде Бишкек шаардык кеңештин депутаты катары Өмүракунов жаңы конуштардын өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошконун Бишкек мэри Иса Өмүркулов белгиледи.

- Коомдук ишмер Мухтарбек Өмүракунов айрыкча 2010-жылдагы апрель ыңкылабында, июнь каргашасында курман болгондорду эскерип, жакындарына кайрымдуулук жардам көрсөткөн. Бишкек шаарынын өнүгүшүнө, экономикага зор салым кошкон.

46 жаштагы коомдук ишмер Өмүракунов Орусияда жана Казакстанда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн мамлекет жасабаган иштерди аркалаганын Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук уюмунун төрайымы Жамила Бегиева эскерип турду.

- Кыргыз дагы бир кыраан жигитинен айрылды. Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын, маданий борборлорунун түптөлүшүнө, дегеле акыркы он жылдыкта чет мамлекеттерде уюушулган кыргыз уюмдарынын түптөлүшүнө Мухтарбектин кошкон орду баа жеткис. Ал бир министрлик, депутаттар жасабаган иштерди өзү жалгыз жасады. Кыргыз диасопораларынын ордун Кыргызстанда өтө жогорку деңгээлге жеткирген Мухтар Өмүракунов болгон. Көп жылдан бери Мухтар менен үзөңгүлөш жүрүп, Кыргызстандын жарандары үчүн жанын үрөп иштегенин жакындан билген адам катары кабыргам кайышып турат.

Алматыдагы кыргыз маданий борборунун жетекчиси Туратбек Аманбаев "мигранттарга бел болуп келген ишмерден айрылдык" деп каңырыгы түтөйт.

- Кыргыз эли дагы бир чыгаан, патриот уулунан ажырады! Мен Мухтар байкени жакындан жакшы билчү элем. Анын мигранттар үчүн кылган иштерин жакшы билем.

Кыргыздын бир четин көтөрүп бере турган, чет жердеги мекендештерди бириктирген азамат эле. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов Мухтарбектин демилгеси менен Улуттук конгресс түзүлүп, ал көмүскө парламенттин төрагасы болуп шайланганын эскерип, алдыга койгон зор максаттары болгонун “Азаттыкка” айтып берди.

Ишке ашпай калган максаттар

Мухтарбек Өмүракунов Кубага эс алганы кетээр алдында былтыр түштүктөгү окуялар, мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу “Азаттыкка” маек курган эле:

- Былтыр түштүктөгү кандуу окуялар улуттар ортосундагы кагылышуу эмес. Бул сырттан атайын күчтөрдүн шыкагы менен болгон, уюштурулган иш-чара, окуя экенин баары түшүнүштү. Ынтымаккка данакер болгон түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүү керек.

Чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттарынын саны так эмес, себеби кетип жаткандар стихиялуу түрдө катталбай кетип жатышат. Алардын Орусияда жүрүшү да орус өкмөтүнө кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Ошондуктан бул көйгөйдү жеңилдетүү, көзөмөлгө алуу максатында патенттик системаны киргизишкен. Бул негизинен туура чечим.

Чет жердеги мекендештерге да биздин өкмөттүн камкордугу зарыл. Чет жердеги кыргызстандыктардын спортко, ден соолукка мамилеси биздикине салыштырмалуу мыкты. Биринчиден, ал жерде мүмкүнчүлүк кенен, мыкты имараттар, спорт ийримдери, машыктыруучулары бар. Ал түгүл биздин мекендештерден Орусияга таанылган, мөрөй алган жигит-кыздар да бар. Ошондуктан чет жердеги кыргызстандыктардын “Замандаш” спорт клубун түзүп, таланттарды издеп, 2014-жылкы Сочи кышкы олимпидасына спортчуларды Орусияда даярдасак деген тилек-максаттар бар.

Аз, бирок саз жол

Ат-Башынын кулуну Өмүракунов Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз диаспораларын жетектеген. Бишкектеги политехникалык институтту, президентке караштуу Башкаруу академиясын бүткөн.

Эмгек жолун Бишкектеги политехникалык институтта окутуучулуктан баштап, “Үмүт”, “МЭНС” ишканаларын, Кыргызстан-Орусиянын “Биек-Карго” компаниясын жетектеген.

2003-жылы “Замандаш” коомдук фондусун негиздеген. Бишкек шаардык кеңештин депутаты, өлкөнүн миграция жана калкты жумушка орноштуруу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы кызматтарын аркалаган.

Мурдагы бийлик тарабынан кысымга алынып, жалган жалаа менен түрмөгө отуруп да чыккан.

Мындан тышкары маалымат агенттигин, “Замандаш” журналын негиздеген. Анын демилгеси менен "Замандаш" журналы жыл сайын жаңы жыл алдында "Жылдын мыктыларын" аныктап, көптөгөн кайрымдуулук акцияларын өткөрүп таанылган.

Мухтарбек Өмүракунов 25-апрелде Кубага эс алганы достору менен барып, 1-майда бийиктиги 3 метрдей толкун деңизге тартып кеткени айтылууда. Өзү бала чагынан бери эле Кубага барсам деп ак эткенден так этип жүргөнүн жакындары кеп кылууда. Мухтарбектин артында ата-энеси, бир туугандары жана 7 баласы калды. Анын сөөгү 6-майда өзү туулуп өскөн Ат-Башы районунданы Калинин айылында жерге берилет.

“Азаттыктын” жамааты Мухтарбек Өмүракуновдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтат.

Өмүракуновду акыркы сапарга узатуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

XS
SM
MD
LG