Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Кайыр кош, Мухтар Өмүракунов, жаштардан суурулуп чыккан чыгаан жигит!


“Замандаш” партиясынын лидери, жалпы улуттук конгресстик атаандаш парламенттин жетекчиси Мухтар Өмүракунов.
“Замандаш” партиясынын лидери, жалпы улуттук конгресстик атаандаш парламенттин жетекчиси Мухтар Өмүракунов.

Кубада эс алып жүрүп кырсыктан каза тапкан "Замандаш" партиясынын лидери, ишкер Мухтар Өмүракунов Кыргызстанда жаш саясатчылар муунунун алдыңкы сабында тургандардан эле. Маркум тууралуу оюңузду ортого салгыңыз келсе, ушул шеринеге жазыңыз.

“Замандаш” партиясынын жетекчиси Мухтарбек Өмүракунов 1-майда алыскы Куба өлкөсүндө деңиз жээгинде эс алып жүргөн учурунда күтүлбөгөн кырсыктын айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

46 жаштагы белгилүү кыргыз ишкери жана коомдук ишмер Өмүракунов айрыкча 2010-жылдагы июнь каргашасынан кийин түштүккө ар кыл кайрымдуулук жардамын ырааттуу уюштурганы менен да эсте калат.

Өмүракунов Орусияда жана Казакстанда иштеген кыргызстандык жарандардын (алардын арасында эмгек мигранттарынын жана таалим алып жаткан жаштардын) чоң досу жана санаалашы катары тарыхта өз ордун табат.

Шайлоо: нааразылар жана талашкандар (2)

Шайлоо: нааразылар жана талашкандар (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
"Азаттык" үналгысынын "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн архивинен.
Шайлоо жыйынтыгы боюнча соттошуулар бүтпөй жаткандыктан жаңы парламенттин иши дээрлик бир ай кечеңдеди. Айрым саясий серепчилер жеңилген партияларды жыгылган күрөшкө тойбойт деп сындаса, ал эми сотко кайрылгандар болсо БШКны айыптап жатышат. 2-бөлүк. 2010-жылдын 10-ноябры.




Ал түптөгөн “Замандаш” коомдук уюму сыртта жүргөн кыргызстандыктардын таламын талашып, укуктарын коргоп жүрүп, бара-бара интеллектуалдык жана саясый күчкө айланган эле.

Жаңы партия былтыркы октябрдагы парламенттик жарышта алдыда келген партияларды такымдай марага жеткен.

“Азаттыктын” угармандарынын жана окурмандарынын жоон тобун чет жакта иштеп жана окуп жүргөн кыргызстандык жарандар түзөөрүн эске алып, маркум Мухтар Өмүракуновду эскерүүгө чакырабыз.

Бул инсанга карата оюңузду ортого салгыңыз келсе, ушул шеринеге жазыңыз.
XS
SM
MD
LG