Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

«ЗАМАНДАШ»: М.ӨМҮРАКУНОВДУН КАМАККА АЛЫНЫШЫ АДИЛЕТСИЗ


7-июлда «Замандаш» партиянын саясый кеңеши партиянын лидери Мухтар Өмүракуновдун камакка алынышы боюнча ишти мыйзам чегинде адилет чечүүнү, баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Мухтар Өмүракуновдун камакка алынышы чет жактардагы кыргыз диаспораларынын нааразылыгын жаратууда. Окуяга байланыштуу Орусия жана Казакстандагы кыргыз жарандары тынчсызданып, алар дагы президентке кайрылуу жөнөтүшкөн.

“Замандаш” партиясы төрагасы Мухтарбек Өмүракуновдун камакка алынышына байланыштуу президентке кайрылды. Анда партиянын саясый кеңеши мамлекет башчы Конституциянын гаранты катары бул иштин мыйзам чегинде чечилишине таасир этет деген ишенимин билдиришкен.

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылуунун мазмуну менен тааныштырган партиянын саясый кеңешинин мүчөсү Топчугүл Шайдуллаева Мухтарбек Өмүракуновдун камакка алынышын адилетсиз, бул ишти эркиндикте кадыресе шартта тергеп-тескөөгө болот эле го деп эсептейт.

“Замандаш” партиясынын жетекчиси Мухтарбек Өмүракунов Миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деген айыптын негизде Каржы полициясы тарабынан камакка алынган. Каржы полициясынын басма сөз катчысы Зулкайнар Сарытаевдин айтымында Мухтарбек Өмүракуновго кылмыш иши козголуп, камалышында эч кандай саясый негиз жок.

- Ага каржы полициясы миграция боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы болуп иштеп турган учурда кызматынан кыянаттык менен пайдаланды. Мамлекетке 4,5 миллион сомдук зыян келтирген деп шек менен айып тагылып, 3-июлда камакка алган. Мында эч кандай саясый заказ, шылтоо жок. Бул ишти саясатка аралаштырбоо керек.

Ал эми мурдакы мамлекеттик катчы Накен Касиев болсо Мухтарбек Өмүракуновдун камакка алынышын саясий куугунтук катары баалады.

“Кылым шамы “ укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын пикиринде “Замандаш” партиясынын төрагасы саясий негизде камакка алынды деген бүтүм чыгаруу али эрте. Анын баамында Мухтар Өмүракунов чет өлкөлөрдөгү, айрыкча Орусиядагы кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоп, айрымдарынын бутуна турушуна чоң жардам бергендиги, алардын укукутарын коргоп келгени анык.

Ошондуктан Мухтар Өмүракуновдун камакка алынышы чет жактардагы кыргыз диаспораларынын нааразылыгын жаратууда. Окуяга байланыштуу Орусия жана Казакстандагы кыргыз жарандары тынчсызданып, алар дагы президентке кайрылуу жөнөтүшкөн.

Биринчи май райсоту “Замандаш” партиясынын төрагасы Муктар Өмүракуновду абакта кармоо мөөнөтүн 10 күнгө узарткан. “Замандаш” партиясы чет жакта жүргөн кыргыз диаспораларынын башын бириктирген “Замандаш” ассоциациясынын негизинде өткөн жылы саясий партия болуп түзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG