Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

«ЗАМАНДАШ» ПАРТИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ КАМАККА АЛЫНДЫ


“Замандаш” партиясынын жетекчиси Мухтар Өмүракунов Кыргызстандын Миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы кезинде кызматынан кыянат пайдалангандыгы үчүн айыпталып, Кыргызстандын Каржы полициясы тарабынан камакка алынды. Каржы полициясы М.Өмүракуновго мамлекетке 4,5 миллион сомдук зыян келтирген деп шек менен кармаган. “Замандаш” партиясы жакынкы убактарда бул маселе боюнча позициясын билдирмекчи.

Кыргызстандын Каржы полициясынын маалымат катчысы Зулкайнар Сарытаев “Замандаш” партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракуновго Кылмыш кодексинин 34-беренеси боюнча кызматынан кыянат пайдалангандыгы үчүн иш козголгонун маалымдады. Антишке Миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин 2006-2007-жылдары бюджеттик жана атайын каржаттарды кантип пайдаланышканын текшерүү негиз берген.

- Маселен, 2006-жылдын 14-ноябрында Кыргызстандын Миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитeтинин статс катчысы Мухтарбек Сүйүналиевич Өмүракунов Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп 6 уюм менен жалпысынан 23 миллион 765 миң сомдук кеңсе буюмдарын алууга келишим түзгөн. 2006-жылдын 24-ноябрында келишимдеги буюмдарды ала электе Социалдык фондго келишим көчүрмөсү менен башка документтерди жөнөтүп, өз ара эсептешүү негизинде келчү товарлар алынганын билдирген. Анын негизинде ошол жылдын 30-ноябрында Социалдык фонд өз ара эсептешүү жүргүзгөн. Алынчу кеңсе буюмдары комитетке 5-8-декабрда келген. Эсеп палатасынын текшерүүсү боюнча кеңсе буюмдары кымбат баага алынган. Анын натыйжасында мамлекетке 4.5 миллион сом зыян келтирилген.

Эмнеликтен 2006-жылкы чарбалык келишим эки жылдан кийин козголуп, Мухтар Өмүракунов баш болгон “Замандаш” партиясынын жетекчилери Кыргызстандын түштүгүн кыдырып келгенден кийин ага кылмыш иши ачылганы көпчүлүккө азырынча түшүнүксүз. “Замандаш” партиясынын өкүлдөрү М.Өмүракуновдун камакка алынышына эмне себеп болгонун билбей тургандыгын билдирүү менен чектелишти. “Замандаш” партиясынын мүчөсү Эдил Корголдоев:

- Бизде маалымат агенттиги бар. Ошолор жооп берет. Мен азыр эч кандай маалымат бере албайм.

Партия мүчөсү Топчугүл Шайдуллаева “замандаштар” жыйынтыктуу бир пикирге келе электигин маалым кылды.

- Кабарыбыз бар. Кечээ эле кабардар болгонбуз. Бүгүн биз чогулдук. Бирок азырынча прессага биргелешип бир пикирге келип, анан берчү материалды берели деп чечкенбиз. Бүгүн алтыда жолугабыз. Ага чейин да тактоолор керек болот. Анан ошого ачык маалымат бербей туралы деп эртең менен чечкенбиз.

Кыргызстандын Миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы Тынычбек Табалдиев мурдагы кесиптешине коюлган айып тууралуу кабары жоктугун айтты.

- Ошо боюнча маалымат жок. Мамлекеттик комитетке келип расмий айткан бирөө болгон жок. Же бир органдын ушундай маалыматы бар дегенди мына менин иштегениме бир жарым ай болду көрө элекмин.

Каржы полициясынын маалымат катчысы Зулкайнар Сарытаев кылмыш иши башка жоопту кызматкерлерге да ачылдыбы суроосуна азырынча тергөө амалдары жүрүп жатканын, ошол себептүү ага байланышкан сырлар айтылбастыгын маалымдоо менен чектелди.

XS
SM
MD
LG