Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Муктар Өмүракунов: Орусияда мигранттарга карата аша чапкан мамиле байкалууда


Муктар Өмүракунов
Муктар Өмүракунов

Орусиядагы мигранттардын азыркы абалы туурасында “Замандаш” партиясынын лидери Муктар Өмүракунов “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Орусияда 1-январдан тарта базар, соода түйүн жана дарыкана жетекчилерине эмгек мигранттарынан сатуучу алууга тыюу салынды. Мына ушундай эрежелердин киргизилгенден кийин ага Орусияда жүргөн кыргызстандык мигранттардын реакциясы, мамилеси кандай болуп жатат?

Муктар Өмүракунов:
1-январдан тартып эле бул токтом күчүнө кирген. Мындай бир чектөөгө келгенде, андай токтомдорду аткарууга келгенде биздин өлкөдөгүдөй эле Орусиянын милициялары дагы дароо эле жеңди бекем түрүнүп коюп киришкен, дароо эле. Бул эми жалгыз эле кыргызстандык мигранттарга тиешелүү эмес, жалпы чет өлкөлүктөргө. Учурда чет өлкөлүктөр соодада иштөөгө укугу жок. Соода кылып жүргөн биздин мекендештердин отуз пайызга чукулу бул Кыргызстандын жарандары. Калгандары болсо Орусиянын атуулдугун алгандар. Албетте бул глобалдык кандайдыр бир биздин мигранттардын кайра келүүсүнө түрткү бербесе дагы, бирок мунун артынан бир катар мигранттарыбыз кайтып келиши мүмкүн. Бир топтору мүмкүн башка жумуштарга өтүшөт. Мүмкүнчүлүгү барлар албетте атуулдук алышат. Бирок бул дагы өтө чон кысым.

"Азаттык": Ушул мыйзам иштеп баштагандан бери, анын таасиринен жумушунан айрылып, же ар кыл кырдаалдарга кабылып кайрылгандар болдубу?

Муктар Өмүракунов: Кайрылгандар бар. Мисалы азыр Екатеринбург шаарында “Таганский ряд” базарында өтө аша чаап, ушул токтомго таянып, жалаң эле биздин Кыргызстандын атуулдарын эмес, улуту кыргыздарды дагы сүрүп чыгып жаткан көрүнүштөр болуп жатат. 15-январда Екатеринбург шаарына барганы жатабыз. Ошол базардын жетекчилиги менен, ошол жергиликтүү миграция кызматтары менен сөзсүз жолугабыз. Биздин мамлекеттер ортосунда келишимдер бар. Негизи эле бул токтом чет элдик жарандарга тиешелүү да. Ал жерде кыргыз улутундагы Орусиянын атуулдарына да кысым көрсөткөн учурлар болуп жатат.

"Азаттык": Бул учурда өкмөт болобу, сиздер тараптан болобу, кыргызстандык мигранттарга көмөк көрсөтүп, абалын жакшыртууга болобу?

Муктар Өмүракунов:
Албетте эми биз токтомду жокко чыгарып коё албайбыз. Биз ошол биздин мигранттарга атуулдук алып берүү жагынан буга чейин эле иштеп келе жатканбыз. Себеби ал убактылуу болсо дагы биздин атуулдарды легалдаштыруунун эң оңой жана ишенимдүү жолу болуп жатат, азыркы күндө. Өкмөт тарабынан болсо, албетте буга чейинки өкмөттөр арасындагы бир нече келишимдер бар. Ошол мигранттар боюнча, эркин эмгек рыногу боюнча келишимдер бар. Ошону аткарбай, ошону Орусиянын өкмөтү бузуп жатат да. Ошол боюнча чечкиндүү бир ноталарды жөнөтүп, жолугушууларды уюштуруп, чечкиндүү иш-аракеттерди кылуу керек. Азыркы өкмөттөн азырынча аны көрө албай жатабыз.

"Азаттык": Январдан тартып күчүнө кирген токтомдун кесепетине көбүрөөк кайрылгым келип жатат. Расмий маалыматтарга караганда, кеминде төрт жүз миңге жакын кыргызстандык мигрант Орусияда жүргөнү маалым эмеспи. Натыйжада Орусияда киргизилген жаңы эреже, Кыргызстандын экономикасына, социалдык тармагына кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Муктар Өмүракунов: Албетте түздөн түз. Себеби соода тармагында иштеп жүргөндөр, биз айтып жатпайбызбы Кыргызстанга жылына миллиард долларга жакын акча чет өлкөдөгү мигранттардан келип жатат деп. Негизи ошолордун көпчүлүгү Орусиядан да. Себеби соодада иштегендер көбүрөөк табат. Бул каражат сөзсүз кыскарат. Ошол үй-бүлөлөргө акчалар азыраак келе баштайт. Ушул иштеп жаткандардын арасында банкрот болгондор да чыгышы мүмкүн. Себеби сезон убагындагы товарды сата албай калышат. Бул сөзсүз өтө терс кесепетин тийгизет.

"Азаттык":
Сиздин баамыңызда, Орусияда ушундай токтомдун кабыл алынышы эмнеден кабар берет?

Муктар Өмүракунов:
Эми Орусияда жашап, соодада иштеген мигранттар чындыгында тез аранын ичинде буттарына туруп кетишет. Бул эми айдан ачык эле көрүнүп турат. Албетте мен айтаар элем, кандайдыр бир деңгээлде бул улутчулдук да саясат. Ошол эле жергиликтүү элдердин көпчүлүгү соодадан алыс. Ошол орунду жергиликтүү элдер басса, жергиликтүү эл алып, соодага жакындап, ошол каражаттар жергиликтүү элде калса деген эле маселе да. Албетте Орусия улуту боюнча, бул улуттар же тигил улуттар соодада иштебесин деп чечим чыгара албайт да. Ушундай жол менен кандайдыр бир чек койгонго аракет кылып жатышат.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG