Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Кастронун мурасы дүйнө таразасында


Гавана университетиндеги аза күтүү.
Гавана университетиндеги аза күтүү.

Кубада тогуз күндүк аза күтүү жарыяланды. Айрым дүйнө лидерлери Кастрону улуу революционер деп аташса, кайсы бири диктатор катары мүнөздөшөт.

Куба ыңкылабынын жол башчысы Фидел Кастро көз жумганын анын иниси, азыркы президент Раул Кастро жарыялады. Тогуз күндүк улуттук аза күтүүнүн алкагында өкмөттүк имараттарда желектер түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулду. Коммунисттик партиянын адатта кызыл түстө басылган “Гранма” гезити кара тамгалар менен жарык көрдү. Алдыдагы күндөрдө Кастронун урматына өлкө боюнча массалык жүрүштөр өткөнү турат. Кастронун сөөгү кремацияланып, 4-декабрда акыркы сапарга узатылат.

Кубаны дээрлик элүү жылдай башкарган Фидель Кастрону айрым дүйнө лидерлери даңазаласа, кайсы бири сынга алууда. Соңку 88 жылда Кубага биринчи барган АКШ президенти Барак Обама Кастронун ишине тарых өз баасын берерин айтса, жаңы шайланган президент Дональд Трамп Куба революциясынын лидерин “каардуу диктатор” катары мүнөздөдү. Ал Куба дале болсо тоталитардык арал экенин белгилеп, кубалыктар акыры эркиндикке жетет деп ишерин айтты.

Кастро жана орус президенти Владимир Путин, Гавана, 2014-жыл.
Кастро жана орус президенти Владимир Путин, Гавана, 2014-жыл.

Франциянын президенти Франсуа Олланд болсо Кастронун башкаруусу үмүт жана көңүл калуулар менен коштолгонун белгиледи:

“Фидель Кастро 20-кылымдын көрүнүктүү адамы. Ал Куба революциясы аркылуу көп адамдарда үмүттүн шооласын жараткан. Кайсы бир мезгилде ал Латын Америкасынын эли үчүн үлгү болчу. Айрым көңүл чөгөргөн окуялар болду. Бирок ал дайыма сырткы басым жана эмбаргого каршы туруп, Кубаны намысы менен коргогусу келчү. Мен Кубадагы укук бузууларды бир нече ирет айыптасам да ар дайым бул өлкөгө эмбарго киргизүү туура эмес деп айтып келгем”.

Ал тапта Маями шаарында Кубадан качып чыгып, АКШда жашап калган бозгундагы кубалыктар чогулуп, Кастронун дүйнөдөн кайтышын майрам катары белгилешти. Кубада төрөлүп, өспүрүм кезинде АКШга келген Маями шаарынын азыркы мэри Томас Регаладо эл кокустан чогулганын айтты:

"Алтымыш жыл бою эл бул күндү күтүп келди. Фидель Кастро Кубада көптөгөн адамдардын өмүрүн алган тираниянын символу. Бүгүн Маямиге кокустан чогулуп калдык. Эч ким буга даярданган эмес”.

Маямидеги майрамдоо, 26-ноябрь.
Маямидеги майрамдоо, 26-ноябрь.

Дүйнөдөгү солчулдар Кастронун идеяларын туу тутуп келгени маалым. Андыктан Латын Америкасындагы бир катар өлкөлөрдүн лидерлери Куба ыңкылабынын жол башчысын даңазалап жатышат. Маселен Венесуэланын президенти Николас Мадуро “дүйнөнүн революционерлери анын мурасын улантышы керек” деди. Боливиянын президенти Эво Моралес да Мадурого үндөш билдирүү менен чыкты:

"Фидел – биздин агабыз, улуу адам жана көрүнүктүү революционер. Ал жалгыз эле кубалыктар же латын америкалыктар үчүн күрөшкөн жок, анын күрөшү эркиндикке умтулган дүйнө элине арналды”.

Орус президенти Владимир Путин Кастрону “доордун символу”, “Орусиянын ишенимдүү досу”, “өлкөсү үчүн аянбай кызмат кылган патриот” деп атады. Мурдагы советтик лидер Михаил Гарбачёв Кастро өз өлкөсүн Американын блокадасынан алып чыкканын белгиледи. Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зума апартеид режимине каршы күрөштө колдоо көрсөткөнү үчүн Кубанын маркум лидерине ыраазычылыгын билдирди.

Кытай президенти Си Цзиньпин телебилдирүүсүндө: “Команданте Кастро түбөлүк жашайт”, - деди. Кастронун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын да көңүл айтуу катын Кубага жолдоду.

Кубадагы партизандык согуш учурунда тартылган сүрөт. 1957-жыл.
Кубадагы партизандык согуш учурунда тартылган сүрөт. 1957-жыл.

Ичеги илдеттеринин так айтылбаган түрүнөн жабыркаган Фидель Кастро 2006-жылдын июль айында убактылуу кызматтан чегинип, 2008-жылы бийликти толугу менен иниси Рауль Кастрого өткөрүп берген. Өмүрүнүн соңку жылдары ал мамлекеттик басылмаларга өз пикирин жазып турганы менен эл алдына дээрлик чыкпай калган. Акыркы жолу апрель айында Кубанын Коммунисттер партиясынын конгрессинин жыйынтыктоочу күнүндө чыгып сүйлөгөн эле:

“Жакында 90го чыгам. Менин да убактым келет. Бирок кубалык коммунисттердин идеялары планетада кала берет”.

Фидел Кастро бийликке 1959-жылы Эрнесто Че Гевара менен чогуу ишке ашырган партизандык согуштан кийин келген. Ал Кубаны социалисттик өлкө деп жарыялап, Советтер Союзу менен алака түзгөн жана “Кансыз согуштун” маанилүү фигурасына айланган. Кастронун өмүрүнө ондогон ирет кол салуулар болгон.

1961-жылы АКШ Кастрону бийликтен кетирүүгө аракет кылган. Кубага жиберилген десанттар жок кылынгандан кийин америкалыктар аралды экономикалык блокадага алган.

2014-жылы Куба АКШ менен ондогон жылдарга созулган кастыкты токтотуп, дипломатиялык алаканы жанданткан.

Эксперттер Кастронун өлүмү өлкөдө чоң өзгөрүүлөрдү жаратпайт дешет. Алар буга соңку он жылда анын иниси Рауль Кастронун бийлиги өлкөдө бекем орногонун жүйөө келтиришет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG