Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Трамп Кастрону “каардуу диктатор” деп атады


90 жаштагы Фидель Кастронун дүйнө салганы 26-ноябрда жарыяланган.
90 жаштагы Фидель Кастронун дүйнө салганы 26-ноябрда жарыяланган.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп көзү өткөн Куба ыңкылабынын жол башчысы Фидел Кастрону “каардуу диктатор” катары сыпаттады. Трамп Кастронун өлүмү кубалыктар үчүн эркиндик алып келет деген үмүтүн билдирди.

“Куба тоталитардык мамлекет бойдон калса да, бүгүнкү күн көпкө созулган үрөй учурган мезгилден эркин келечекке багыт алууга жол ачат деп ишенем”-деп билдирди Трамп.

90 жаштагы Фидель Кастронун дүйнө салганы 26-ноябрда жарыяланды. Өлкөнү жарым кылымга жакын башкарган Кастронун өлүмүн дүйнөнүн ар тарабында ар башка кабыл алынды.

Кубада ыңкылапчыл жол башчынын каза болушунан улам аза күтүү жарыяланды. Ал эми Кубадагы режимден улам АКШга башкалка издеп келгендер кечээ Майаминин көчөлөрүнө чыгып, Кастронун өлүмүн белгилешти.

Фидель Кастро Кубада социалисттик ыңкылапты ишке ашыруу кыймылынын жетекчилеринин бири болгон. Ал ыңкылап ишке ашкан соң өлкөнү 50 жылга жакын башкарган.

2006-жылдын июль айында ден соолугу начарлап калганда бийликти бир тууган иниси Раул Кастрого өткөрүп берген. Ал бийликтен кеткени менен Кубанын башкы саясий багыттары өзгөргөн эмес.

XS
SM
MD
LG