Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

АКШ Орусия, Кытай жана Куба БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланганын айыптады


Орусия төрт жылдан кийин кайрадан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Мындай чечим шейшембиде уюмдун Башкы Ассамблеясындагы добуш берүүдөн кийин кабыл алынды. Орусияны 193 мамлекеттин 158и колдоду.

Орус миссиясы «Твиттерге» алар «конструктивдүү кызматашууга даяр» экенин жазды.

Андан тышкары кеңешке дагы 14 өлкө шайланды, алардын арасында Кытай, Куба жана Өзбекстан бар. Укук коргоочулар бул мамлекеттердин бийлик өкүлдөрүн адам укуктарын одоно бузуу үчүн айыптап келишкен. Добуш берүү алдында "Human Rights Watch" жана "Amnesty International" уюмдары эл аралык коомчулукту Кытайдын, Орусиянын жана Сауд Арабиясынын шайланышына жол бербөөгө чакырышкан. Сауд Арабиясы жетиштүү добуш ала алган жок.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Орусиянын, Кытайдын жана Кубанын шайланышы Дональд Трамптын ал кеңештен чыгуу, адам укуктарын коргоо үчүн башка мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча чечими туура болгонун далилдеди» деп билдирди.

Кеңешке 47 мамлекет кирет. Мүчөлөрү үч жылга шайланат. Жашыруун добуш берүүдө талапкер өлкө жок дегенде 97 добуш алууга тийиш.

XS
SM
MD
LG