Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Футбол: Медиа-Лиганын байге ээлери аныкталды


Медиа-Лиганын байге ээлери. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.

Медиа мекемелердин кызматкерлери арасында уюштурулган Медиа-Лиганын алгачкы сезонунун байге ээлери аныкталды.

Мелдеш 7-мартта башталып, 17-апрелде жыйынтыкталды. Ага 8 команда: “Азаттык”, “НТС”, “ЭлТР”, “КТРК”, “Кыргыз спорт ТВ”, “Kloop”, “Super.kg” жана “Ала-Тоо 24” командалары катышып, ар ишемби сайын айлампа тартибинде ойношту.

17-апрелде болгон акыркы 7-турдун жыйынтыгы менен 17 упай топтогон КТРК командасы 1-орунду ээледи. 15 упай эсебинде бар ЭлТР оюнчулары 2-орунга жайгашты. 15 упай топтоп, ЭлТР командасы менен беттеште жеңилген “Азаттык” командасы 3-орунду алды.

Командалар ээлеген орундарына жараша диплом, кубок жана медал менен сыйланышты. Ошондой эле алдыңкы оюнчуларга кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

“Мыкты бомбардир” наамын атаандаштардын дарбазасына 17 гол киргизген Владислав Темирлан уулу (“Азаттык”) алды. “Мыкты чабуулчу” Адилет Султаналиев (КТРК), “Мыкты дарбазачы” Алексей Гуляев ("Клооп"), “Мыкты коргоочу” Адилет Асаналиков (ЭлТР) болду.

Мелдешти ышкыбоз футболчулардын чеберчилигин арттыруу жана массалык футболду жайылтуу максатында Кыргызстандын Футбол Бирлигинин алдында түзүлгөн “Спорттук лига” уюштурду. (ECh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG