Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:40

Дарыгерлер: Навальныйдын жүрөгү токтоп калышы мүмкүн


Алексей Навальный сот жараянында. Февраль, 2021-жыл.
Алексей Навальный сот жараянында. Февраль, 2021-жыл.

Орусиялык оппозиционер, абакта ачкачылык жарыялаган Алексей Навальныйдын дарыгери Анастасия Васильева анын канын иликтөөнүн жыйынтыгын "Твиттерге" жарыялады.
Анда Навальныйдын канындагы калийдин өлчөмү жүрөктүн сокпой калышына алып барышы ыктымалдыгы жазылган.

Дарыгер оппозиционердин ден соолугу тез арада кийлигишүүнү талап кыларын белгилеп, бейтап менен көрүшүү үчүн Орусиянын Жаза аткаруу кызматына жазган каты жоопсуз калган.

Алексей Навальный акыркы апталарда абакта саламаттыгы начарлап кеткенин айтып келет. Ал медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканына нааразылык иретинде 1-марттан бери ачкачылык кармап жатат. Абак жетекчилиги Навальныйдын абалын «канааттандырарлык» деп билдирүүдө.

13-апрелде саясатчы окуу үчүн китеп, анын ичинде мусулмандардын ыйык китеби Куранды бербей жатканы үчүн түрмө жетекчилигинин үстүнөн сотко кайрылган.

Кремлдин башкы сынчысы Алексей Навальный мындан алты жыл мурунку иши үчүн 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG