Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Дарья Маслова эл аралык марафондо алтын байге алды


 Дарья Маслова.
Дарья Маслова.

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн эл аралык жарым марафондо алтын байге алды.

11-жолу өтүп жаткан Дүйшөмбү жарым эл аралык марафону бүгүн, 17-апрелде өттү.

Дарья Маслова 21,1 чакырымдык жарым марафонго жарышка чыгып, белгиленген аралыкты 1 саат 12 мүнөт 2 секундада чуркап өтүп, алтын медаль тагынды. Бул жарышта күмүш байгени өзбекстандык жөө күлүк Вереника Гришина, коло байгени тажикстандык Зулхича Гаффорзода алды.

Бул Дарья Маслованын акыркы айдагы экинчи жеңиши. 28-мартта ал Ташкент жарым марафонунда да жеңүүчү болгон.

Дарья Маслова 5000 жана 10 000 метр аралыкка чуркаган жеңил атлет. Бул дистанцияларда ал Азиянын эки жолку жана Азия оюндарынын чемпиону болгон. Акыркы жылдары күчүн марафондук жарыштан да сынап жүрөт. 2019-жылы 1-декабрда Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо олимпиадалык нормативди аткарып, Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алган.

“Азаттык” радиосунун “Олимпиадага жол” түрмөгүнөн Дарья Маслова тууралуу кенен окуй аласыз.

Учурда Кыргызстандын эсебине Олимп оюндарына 12 жолдомо чогулду. Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш 2021-жылга жылдырылган.(GT)

XS
SM
MD
LG