Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкентте алтын алышты


Жеңил атлет Дарья Маслова.
Жеңил атлет Дарья Маслова.

Кыргызстандык жеңил атлеттер Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкент эл аралык марафонунда алтын байге алышты. Жарыш 28-мартта Ташкент шаарында өттү.

Мария Коробицкая аталган марафондо 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 32 мүнөттө чуркап өтүп, марага биринчи жетип, алтын медалдын ээси болду.

Буга чейин Коробицкая 2020-жылдын 6-декабрында экинчи Ташкент эл аралык марафонуна да катышып, белгиленген аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада чуркап өткөн. Ал марафондун баш байгесин утуу менен бирге Олимп оюндарына да жолдомо алган. (Марафондо олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт).

Мария Коробицкая мара сызыгын басып өтүп жаткан чагы. 6-декабрь, 2020-жыл. Ташкент шаары.
Мария Коробицкая мара сызыгын басып өтүп жаткан чагы. 6-декабрь, 2020-жыл. Ташкент шаары.

Мариянын жолдошу, спортчу Илья Тяпкин эркектер арасында 42 чакырым 195 метр аралыкка жарышка чыгып, экинчи орунду ээледи.

Ал эми Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова 21,1 чакырымдык жарым марафондо баш байгенин ээси болду. Аталган аралыкта экинчи орунду өзбекстандык Азиза Мырзаакбарова ээлесе, дагы бир кыргызстандык жөө күлүк Гүлшанай Сатарова марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.

Кыргызстандык алты спортчу Жапонияда өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо алышкан. Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова жана Мария Коробицкая.

Токиодогу Олимпиада оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада 4 жылда бир ирет өтөт. Былтыр - 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш быйылкыга жылдырылган. (GT)

XS
SM
MD
LG