Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Быйыл АКШ Европадан жана Борбор Азиядан 1,5 миң качкынды кабыл алат


АКШ-Мексика чек арасындагы лагерь. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ-Мексика чек арасындагы лагерь. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Жо Байден 2021-жылдын 30-сентябрына чейин АКШ кабыл алчу качкындардын санын аныктаган буйрукка кол койду.

Ага ылайык, быйыл Европадан жана Борбор Азиядан 1,5 миң, Латын Америкасы менен Кариб өлкөлөрүнөн 3 миң, Жакынкы Чыгыштан жана Түштүк Азия өлкөлөрүнөн 1,5 миң, Африкадан 7 миң, Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн миң качкынга башпаанек берилет. Дагы миң виза резервге калтырылат.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки кийинчерээк качкындарга бөлүнгөн квоталарда өзгөрүү болушу ыктымалдыгын билдирди.

Президент Байден буга чейин башпаанек берилүүчү чет өлкөлүк качкындардын санын 62,5 миң адамга жеткирүүнү убада кылган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG