Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Табып Зайналиев эки айга камалды


Ашым Зайналиев.
Ашым Зайналиев.

Өзүн табып деп атаган Ашым (Хашим) Зайналиев тергөө бүткөнгө чейин эки айга камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева билдирди. Табыптын бөгөт чарасын 24-декабрда Октябрь райондук соту карап, аны камоо жөнүндө чечим чыгарды.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган Ашым Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу") менен иш козголуп, тергөө башталганын маалымдаган. 22-декабрда кармалган Зайналиевге мындан башка да беренелер боюнча кылмыш иши ачылышы ыктымал экенин ИИМдин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлаган. Ал адамдарды дарылап жаткан үйдөн дары чөптөр экспертизага алынды.

Журналист Бейшенбек Бекешов Зайналиевге "2016-жылы бирөөдөн акча алдап алды" деген айып да коюлуп жатканын, бирок "акча бердим" деген кишини табып тааныбай турганын айткан болчу.

Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет.

28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Ашым Зайналиев дарылаганы айтылууда. Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандары болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG