Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

ДССУ: Уу коргошундун натыйжалуулугу тууралуу маалымат жок


 Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичти.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 16-апрелде өлкөдө коронавирусту дарылоодо уу коргошундун колдонулушу тууралуу билдирүү таратты.

Анда дүйнөдө препараттарды иштеп чыгууда клиникалык изилдөөлөр маанилүү экени, анын натыйжалуулугу менен коопсуздугу иликтене турганы айтылат.

Ошондой эле уу коргошундун коронавирусту дарылоодо натыйжалуулугу тууралуу ДССУнун маалыматы жок экени белгиленген. Уюмдун билдирүүсүндө, мындай маалымат алуу үчүн чөптүн фармакологиялык касиетин эл аралык стандарттарга ылайык иликтеп чыгуу керек.

Мындан тышкары аталган уюм COVID-19дун белгилери байкалганда өз алдынча дарыланбай, токтоосуз түрдө дарыгерлерге кайрылоону сунуштады. Аралыкты сактоого, баткап тагынууга, колду бат-баттан жууп, тазалоочу, вирус-бактерияларга каршы каражаттарды колдонуу, үйдү желдетип туруу, оорунун белгилери байкалганда тест тапшырууга элди чакырды.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Анын сыртында "Уу коргошун" деген жазуу бар.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы билингенин айтып чыкты.

Министр журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгиледи. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын коомчулугунда бул аракетти сындагандар да, колдогондор да бар.

Латынча Aconítum soongáricum чөбү өлкөдө уу коргошун деген аталыш менен белгилүү. Аны рак жана башка ооруларды дарылоодо табыптар колдонуп келген. Бирок ага медицинада тыюу салынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары өлкөдө уу коргошун ичип каза болгондор бар экенин жазып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG