Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Ош шаарында дагы эки окуучудан коронавирус чыкты


Ош шаарындагы мектептердин бири, карантин маалы.
Ош шаарындагы мектептердин бири, карантин маалы.

Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын эки окуучусунан коронавирус аныкталды.

Шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров "Азатыкка" бул мектеп карантинге жабылар-жабылбасын комиссия чечерин айтты:

"Ошол эки окуучу тең бир класста окугандыктан ал класс толугу менен онлайн окууга кетти. Азыр текшерип жатышат. Мектепти убактылуу жабуу маселеси азырынча карала элек. Аны мэриянын алдындагы атайын комиссия чечет".

Комиссия качан жыйынга чогулары азырынча беймаалым.

13-апрелде Ош шаарындагы "Жетиген" жана "Олимп" мектептеринде эки окуучудан коронавирус чыккан болчу. Мындан улам мэриянын комиссиясы мектептерди эки аптага жабуу тууралуу чечим кабыл алган.

16-апрелге карата Ош шаарында COVID-19 жалпысынан үч адамдан аныкталды.

Кыргызстанда коронавирусту 91 миңден ашык адам жуктуруп алды жана анын 86 миңден көбү айыкты. Бул илдет 1544 бейтаптын өмүрүн кыйды. (MrA)

XS
SM
MD
LG