"Фейсбук" Садыр Жапаровдун постун өчүрдү | "Бүгүн Азаттыкта" | 19.04.21
"Фейсбук" президент Садыр Жапаровдун коронавирустан "айыктыруучу дары" боюнча постун өчүргөнүн "Азаттыкка" билдирди. Басма сөз катчы Галина Байтерек болсо постту өздөрү өчүргөнүн айтты. Ошол эле маалда депутаттар саламаттык сактоо министри Бейшеналиевди кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Буга министрдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча билдирүүсү себеп болду. Оштогу “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жанындагы жердин Өзбекстанга берилишине нааразы тургундардын акциясы бүгүн да уланды. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы оппозиция лидери Алексей Навальный ооруканага которулганын билдирди. Мындан мурда доктурлар Навальныйдын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин, жүрөгү “бир заматта” токтоп калышы мүмкүндүгүн эскертишкен.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 23, 2026БУУда Садыр Жапаров санкция саясатын сындады | Жаңылыктар | 23.09.2026
-
Сентябрь 22, 2026Эки күндө эки окуучунун өмүрү кыйылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.09.2026
-
Сентябрь 21, 2026Москвага чабуул мигранттардын үрөйүн учурду | Жаңылыктар | 21.09.2026