Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:05

"Кыргызстанда эркин журналист катары иштөө кооптуу"


Бишкектеги "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга каршы акция, 25-июнь 2020-жыл.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму соңку бир жыл ичинде дүйнөнүн 130 өлкөсү журналисттердин ишине тоскоолдук жаратканын билдирди. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан бул уюм “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2021” аттуу жаңы баяндамасын 20-апрелде жарыялады.

Кыргызстан бул индексте үч баскычка алдыга жылганы менен иш жүзүндө өлкөдө басма сөз эркиндиги начарлап жатканын “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелие “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

- “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун жаңы баяндамасы коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүндөгү журналисттердин ишмердигине кедергисин тийгизгенин көрсөттү. Алгач баяндаманын өзөктүү жерлерин түшүндүрүп бересизби? Азыр дүйнөдөгү медиа эркиндиги кандай абалда?

- Биз “жалган маалыматтын жалгыз вакцинасы” деп мүнөздөлгөн журналистикага дүйнөнүн 180 өлкөсүнүн 130унда бөгөт коюлганын аныктадык. Өзгөчө быйыл биздин картабыздагы “ак” өң менен белгиленген, же маалымат алуу эркин деп эсептелген аймактар баяндамабыз чыга баштагандан бери биринчи жолу азайып кетти.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелие.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелие.

Бул дүйнө жүзүндө басма сөз эркиндиги начарлаганын, калктын маалымат алуу укугу чектелип, журналисттердин окуяларды чагылдырышына тоскоолдук жаралып жатканын күбөлөп турат. Биз дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коронавирус пандемиясын колдонуп, журналисттердин ишине бөгөт койгонун байкадык. Мындай аракеттерге Орусияда, Украинада жана Борбор Азияда да күбө болдук.

- “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индексинде” Чыгыш Европа менен Борбор Азия кайра эле ылдыйкы орундарды ээлеген экен. Чөлкөмдүн басма сөз эркиндигине байланыштуу упайларынын начар болушуна эмне себеп?

- Ооба. Бул чөлкөмдүн жалпы рейтингдеги көрсөткүчү төмөн бойдон калып жатат. Тилекке каршы Чыгыш Европада жана Борбор Азияда дезинформацияга жана медианы көзөмөлдөө аракеттерине каршы натыйжалуу чара көрүлбөй жатат. Беларус бийлигинин демонстранттарга жана журналисттерге каршы өнөктүгү бүтүндөй чөлкөмдүн упайларынын начарлашына себеп болду.

Мындан тышкары чөлкөмдө пандемияга байланыштуу бир топ чектөөлөргө күбө болдук. Ошондой эле Армения менен Азербайжандын Тоолуу-Карабактагы куралдуу кармашы да журналисттердин ишмердигине тоскоолдук жаратып койду.

Чөлкөмдөгү айрым өлкөлөрдө интернет толугу менен өчүрүлгөн учурлар болду. Өкмөт интернетти өз пайдасы үчүн өчүрүп жатты. Биз мындайды Кыргызстандагы талаштуу парламенттик шайлоодон кийин да байкадык.

Беларуста нааразылык жыйынын түз эфирде көрсөткөнү үчүн жазаланган “Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева менен Дарья Чульцова, Минск, 18-февраль 2021-жыл.
Беларуста нааразылык жыйынын түз эфирде көрсөткөнү үчүн жазаланган “Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева менен Дарья Чульцова, Минск, 18-февраль 2021-жыл.

Орусия да пандемияга байланыштуу маалыматты көзөмөлдөөгө, интернеттеги макалаларды жабууга аракет кылды. Тажикстандын авторитардык бийлиги да коронавирус тууралуу маалыматты чектеп, COVID-19дан каза болгондор тууралуу активисттер түзүп чыккан тизмени “жалган” деп мүнөздөп жатты.

Чөлкөмдөгү бийлик жетекчилеринин коронавируска байланыштуу расмий гана маалыматты алга сүрөөгө аракет кылганы басма сөз эркиндигине кедергисин тийгизип койду.

- 180 өлкөнү камтыган жалпы рейтингде Кыргызстан быйыл үч баскычка алдыга жылып, 79-сапка чыкты. Бирок өлкөнүн медиа эркиндиги боюнча упайы начарлаган экен. Кыргызстандын көрсөткүчтөрүн түшүндүрүп бересизби?

- Кыргызстандын рейтинги жогору көтөрүлгөнү менен глобалдык упайы начарлады. Бул “механикалык эффект” деп аталат. Рейтингдеги башка өлкөлөрдө абал Кыргызстандагыдан да көбүрөөк начарлагандыктан алар артка кетип, Кыргызстан алдыраак орундарды ээлеп калды.

Албетте, “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун картасында Кыргызстан Борбор Азиядагы “сары” өң менен белгилеген же абал салыштырмалуу жакшыраак деген жалгыз өлкө. Кыргызстанда Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө мүнөздүү болбогон плюрализм бар десек болот.

Бирок биз былтыр октябрь айындагы талаштуу шайлоодон кийинки элдик толкундоолор маалында журналисттер милиция тараптан да, демонстранттардын тарабынан да чабуулга кабылганын көрдүк. Абал журналисттер үчүн коопсуз эмес.

Коронавирус кризиси учурунда “жалган маалыматты алдын алуучу чектөөлөрдү” киргизүү аракети да тынчсыздануу жаратты. Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин Ташкентке өткөрүлүп берилгени да кооптуу белги болду. Себеби ал Өзбекстанда түрмөгө камалып, же кыйноого кабылып калышы мүмкүн эле.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун баяндамасы.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун баяндамасы.

Кыргызстанда иликтөө журналистикасы жылыш жасап жатканын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу иликтөөлөрдөн көрүп жатабыз. Ошентсе да көз карандысыз, иликтөөчү журналисттер маалымат алууда кыйынчылыкка туш болушууда. Алар бийлик өкүлдөрүнөн ыдык көрүп, керек болсо физикалык зомбулукка кабылып жатышат. Онлайн чабуулга туш болуп, суракка да алынышууда. Андыктан Кыргызстанда көз карандысыз журналист катары иштөө кооптуу.

- Ал эми Борбор Азиянын калган төрт өлкөсүндө абал кандай?

- Түркмөнстан рейтингде эң акыркы орундардын биринде. Чөлкөмдөгү коронавирус бар экенин танган жалгыз өлкө. Тажикстанда да маселелер көп. Бул өлкөдө көз карандысыз маалымат каражаттары жабылган. Цензурадан улам ондогон журналисттер өлкөдөн чыгып кеткенин билебиз. Өткөн жылы журналист Далер Шарифов эч бир негизи жок эле соттолуп кетти. Тажик бийлиги чет өлкөлүк журналисттерге аккредитация бербей жатат. Бийлик өкүлдөрү маалымат агымын көзөмөлдөөгө аракет кылып, “троллдор фабрикасын” түзгөнүн билебиз.

Өзбекстанда маалымат сайттары цензурага алынып жатат. Албетте, өзбек журналисттери коррупция же кара жумушка мажбурлоо сыяктуу маселелерди чагылдыра алышат. Бирок алигиче жогорку жетекчилерди сындай алышпайт. Андыктан бийлик басма сөз эркиндигин камсыз кылуу үчүн реформаларга барышы керек. Маалымат каражаттары, анын ичинде “Эркин Европа / Азаттык” радиосу эмгиче аккредитацияда алууда кыйынчылыктарга туш болуп келишет.

Казакстан бир аз жылыш жасаганга аракет кылды. Бирок өкмөт интернетти мурдагыдан дагы көбүрөөк көзөмөлдөп жатат. Веб-сайттарга бөгөт коюлууда. Блогерлер камалып калышы мүмкүн. Өлкөдө цензура дале күчтүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG