Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15

Казакстан: айдоочулар жолго акы төлөөгө каршы


Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү вице-министри Берик Камалиев жана "Казавтожол" компаниясынын төрагасы Аскар Муратулы айдоочулар менен сүйлөшүп жатышат. Нур-Султан айланма жолу. 30-май, 2021-жыл.
Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү вице-министри Берик Камалиев жана "Казавтожол" компаниясынын төрагасы Аскар Муратулы айдоочулар менен сүйлөшүп жатышат. Нур-Султан айланма жолу. 30-май, 2021-жыл.

Казак бийлиги июнь айынан баштап өлкөдөгү жолдордун 18 бөлүгүнө акы төлөнөрүн билдирген. 30-майда Казакстандын айрым аймактарында жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары буга байланыштуу нааразылык билдирип чыгышты. Алардын айрымдарын полиция кармап, айыппул салганы кабарланды.

Баш калаа Нур-Султанга жакын жолдо нааразылык билдирип чогулган ондогон казакстандык айдоочулардын бири Жаныбек Оралхан казак бийлигине көйгөйлөрдү тизмектеген кат жолдонорун билдирди:

"Биз акы төлөнүүчү жолдорго каршыбыз. Жакында эле күйүүчү май кымбаттады. Эгер жолго акы төлөнсө, күйүүчү майдын баасы көтөрүлсө, биз транспорттун баасын көтөрөбүз, анда тамак-аш да кымбаттайт. Полиция кызматкерлери келип, "тарагыла" деп кетти. Эми айдоочулардын атынан жогору жакка кат жазганы жатабыз. Жүк ташыган автоунаанын бир чакырымы 25 теңге турат деп айтылып жатат. Алматы менен Нур-Султанды алсак, 1300 чакырымга, демек 32 500 теңге төлөйм. Ал эми Алматыдан Нур-Султанга чейин 500-550 литр дизель кетет, ага 100 миң теңге коротом. Кээде дөңгөлөк жолдо жарылып калат. Жүк ташуучу машиненин бир дөңгөлөгү эле 130 миң теңге турат".

Митингге чыккан чымкенттик айдоочу Дилшаттын айтымында, кышында чоң жолдор такыр тазаланбай калат, мындан улам алардын түйшүгү дагы көбөйөт:

"Жолдордун абалы өтө начар. Биз жолго акы төлөп өтүү тутумун киргизүүгө каршыбыз. Шарт жок, ажааткана жок. Коңшу Орусияда акы төлөнгөн жолдордо бардык шарттар түзүлгөн. Бизде болсо кышында жолдор таптакыр тазаланбайт. Бийлик кум чачып жаткандай болуп, тасмага тартып, бардыгы жайында деп отчет берет. Ушундан улам канча жол кырсыгы болду".

Нааразы болгон айдоочуларга өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча вице-министр Берик Камалиев баштаган аткаминерлер келди. Ал жолдордун абалына байланыштуу маселе каралып жатканын, оңдоп-түзөө иштери бүткөндөн кийин гана төлөм алынарын айтты.

Мамлекеттик "КазАвтоЖол" компаниясы дагы жол акысынын көлөмү каралып жатканы тууралуу билдирүү таратты.

"Айдоочулар жол акысын төлөө чечимине байланыштуу пикирин айтышты. Министрлик жана "КазАвтоЖол" арыздарды кароого даяр. Жети күндүн ичинде коомдук бирикмелер бардык сунуштарды чогултат. Андан кийин акы төлөнүүчү жол тууралуу буйруктун долбоору каралат. Акынын өлчөмү жана акы төлөө тутумун киргизүү күнү аныкталат" деп жазылганмекеменин билдирүүсүндө.

"Казавтожол" компаниясынын өкүлү Диас Ахметшарип "Азаттыктын" казак кызматына, акы алына турган жолдорго байланыштуу мындай түшүндүрмө берди:

"Тарифтер азыр бекитилип жатат, бирок негизинен макулдашылды. Биринчи категориядагы жолдордо - бул эки тараптан үч тилкеси бар автобандарга баары акы төлөйт. Жеңил автоунаалар да, жүк ташуучу автоунаалар да ушул категорияга кирет. Жеңил машинелер бир чакырымга бир теңгеден, ал эми жүк ташуучулар тоннасына жараша эң көп дегенде 25 теңгеден төлөшөт. Башка категориядагы жолдордо болсо жеңил автоунаалар акы төлөбөйт, бирок оор жүк ташуучу машинелер төлөйт".

Нааразылык акциясына чыккан айдоочулар. Актөбө облусу. 30-май, 2021-жыл.
Нааразылык акциясына чыккан айдоочулар. Актөбө облусу. 30-май, 2021-жыл.

Ал ортодо дүйшөмбүдө Самара-Чымкент автожолунун 766-чакырымында турган оор жүк ташуучу транспорттордун айдоочуларына административдик чара көрүлгөнү кабарланды. Актөбө облусунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, нааразылыкка чыгып, жол тоскон 11 айдоочу кармалган. Аларга "жол кыймылына тоскоолдук кылуу", "жол эрежелерин бузуу" беренелери менен айып пул салынды.

17-майда "КазАвтоЖол" компаниясы июнь айынан тартып Казакстанда жалпы узундугу 5800 чакырым болгон 18 участокко акы төлөнө тургандыгын жарыялаган. Анын курамына Актөбө-Орол (Уральск), Актөбө-Оренбург жолунун (чек арага чейинки) бөлүктөрү кирген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG