Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

УКМК: мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу 31-майда “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде 31-майда Өмүрбек Бабановго Жазык жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш жасаган деген айып тагылды. Расмий маалымат боюнча, УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин ИИМ) кызматкерлеринен түзүлгөн ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупциялык фактыларды иликтеп жатат.

Өмүрбек Бабановдун жакындары же адвокаттары анын кармалышы тууралуу үн ката элек.

Быйыл февралда түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров "канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан" өлкөнүн мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөргөн.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган аткаминерлер суракка чакырыларын билдирген.

14-майда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эң чоң алтын кенди казган "Кумтөр Голд Компаниге" сырттан башкаруу киргизген. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн канадалык "Центерра Голд" компаниясын мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

"Центерра Голд" мындай доону "таптакыр негизсиз" деп баалап, ал эми парламент кабыл алган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин билдирген.

Өткөн аптада Кумтөргө байланыштуу мурдагы экс-премьер министр Темир Сариев УКМКга сурак берип чыккан.

2011-2012-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы эң таасирлүү саясатчылардын жана бай адамдардын бири.

2009-жылы Курманбек Бакиевдин тушунда ал вице-премьер-министр болуп иштеген.

Анын "Республика" партиясы 2010 жана 2015-жылдары парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңешке келген.

Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго башкы атаандаш болуп, күрөшкө чыкканда бир нече кылмыш иши козголгон. Анын айынан саясий дымагы күчтүү Бабанов «Республика» партиясынын лидерлигинен кеткенин жарыялаган.

Өмүрбек Бабанов быйылкы президенттик шайлоого катышпай, Садыр Жапаров баштаган бийликти колдой турганын билдирген.

быйыл мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 млн. сом которуп берген. Ошол эле учурда ага мурдагы бийликтердин тушунда козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулган.

Бабановго каршы иштерди тергеген УКМК Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок болгондуктан иш жабылганын кабарлаган.

Кененирээк макаладан окуңуз:

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG