Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Бабановдун адвокаты анын кармалышы боюнча билдирүү таратты


Өмүрбек Бабанов. 9-август, 2019-жыл. Орусиядан Кыргызстанга кайтып келген учур.

"Кумтөр" иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун адвокаты Амантур Абдрахманов билдирүү таратты. Анда Бабановду эмнеге айыптап жатканы белгисиз экени айтылат.

“Өмүрбек Бабанов сурак протоколуна"Айыптоонун маңызы мага түшүнүксүз. Кылмыш кылууга өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм”, - деп жазды. Ал премьер-министр болуп турганда Кумтөр боюнча эки чечим кабыл алган. Биринчиси, Кумтөр голд” компаниясынын жаратылыш-коруктарын сактоосун текшерүү боюнча комиссия түзүү тууралуу, экинчиси мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун “Кумтөр голдго” 16 330 гектар жер берген токтомун жокко чыгаруу жөнүндө",-деди Абдрахманов.

Экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 31-майда билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде Өмүрбек Бабановго Жазык жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш жасаган деген айып тагылды. УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупциялык фактыларды иликтеп жатат.

Бабанов 2009-жылы Курманбек Бакиевдин тушунда вице-премьер-министр болуп иштеген.

Бабанов премьер-министр болуп турган учурунда, 2012-жылы өкмөт жакырчылыкты жоюуга багытталган “Ала-Тоо финанс” деп аталган мамлекеттик чакан кредиттөө компаниясын ачкан. Ал Кумтөр кенинен түшкөн акчага каржыланып, анын ишмердүүлүгү кийин бир топ суроо жараткан.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы эң таасирлүү саясатчылардын жана бай адамдардын бири.

Анын "Республика" партиясы 2010 жана 2015-жылдары парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңешке келген.

Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго башкы атаандаш болуп, күрөшкө чыкканда бир нече кылмыш иши козголгон. Анын айынан саясий дымагы күчтүү Бабанов «Республика» партиясынын лидерлигинен кеткенин жарыялаган.

Өмүрбек Бабанов быйылкы президенттик шайлоого катышпай, Садыр Жапаров баштаган бийликти колдой турганын билдирген.

Быйыл мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 млн. сом которуп берген. Ошол эле учурда ага мурдагы бийликтердин тушунда козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулган.

Бабановго каршы иштерди тергеген УКМК Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок болгондуктан иш жабылганын кабарлаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG