Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Баткенде аткезчилик аракеттери аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендин чек аралаш аймактарында жүргөн ыкчам топтор 10 күн аралыгында төрт аткезчилик фактысын аныктады. Бул тууралуу облустук администрация кабарлады.

Ага ылайык, кармалган жарандар кошуна мамлекетке жүктү мыйзамсыз өткөрүүнү көздөгөн. Анда негизинен жашылча-жемиш, азык-түлүк жана турмуш-тиричиликке керектүү түркүн материалдар болгон. Обладминистрация канча адам кармалганын тактаган жок.

21-майда аткезчиликке бөгөт коюу максатында Баткенде атайын кызматтын, бажы, Ички иштер министрлиги, Салык кызматтарынан төрт ыкчам топ түзүлгөн. Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "чек ара маселеси чечилгенге чейин" деген түшүндүрмө менен кыргыз-тажик чек арасын толук жапкан.

Мындан улам Бишкек Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүгө, кайсы бир убакытка чейин болууга, ары-бери жүрүшүнө жана транзит аркылуу өтүшүнө убактылуу чектөө киргизген.

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгогон.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG