Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Азия чемпионаты: төрт мушкер коло медал алды


Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбеков (көк кийимчен) беттеш учурунда. 28-май, 2021-жыл.
Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбеков (көк кийимчен) беттеш учурунда. 28-май, 2021-жыл.

Кыргызстандык төрт мушкер бокс боюнча Азия чемпионатында коло медал утуп алышты. Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтүп жаткан оюндар 21-майда башталган.

Мелдешке кыргызстандык он мушкер катышып, алардын арасынан Азат Усеналиев (52 кг.), Акылбек Эсенбек уулу (56 кг.), Эркин Адылбек уулу (81 кг.) жана Рустам Ырысбек уулу (91 кг.) мелдештин жарым финалына жеткен. 28-майда финалга чыгуу үчүн болгон беттештерде төрт мушкер тең атаандаштарына жеңилип, чемпионаттын коло байгесин алышты.

Бокс боюнча Азия чемпионаты: 52 кг. чейрек финал. Азат Үсөналиев (Кыргызстан) - Омид Ахмадисафа (Иран).

52 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан мушкер Азат Үсөналиев ушуну менен экинчи жолу Азия чемпионатында байге утту. Ал 2013-жылы Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын байгенин ээси болгон.

Бокс боюнча Азия чемпионатынын эркектер арасындагы финалдык беттеши бүгүн, 31-майда өтөт. Кыз-келиндер арасындагы чечүүчү таймаштар 1-июнга белгиленген. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG