Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

“Челси” клубу Чемпиондор лигасынын финалында жеңишке жетти


“Челси” клубунун оюнчулары Чемпиондор лигасынын финалында жеңишке жеткенден кийин.
“Челси” клубунун оюнчулары Чемпиондор лигасынын финалында жеңишке жеткенден кийин.

Португалиянын Порту шаарында 29-майда өткөн Чемпиондор лигасынын финалында англиялык “Челси” клубу англиялык дагы бир “Манчестер сити” футбол клубун 1:0 эсебинде утту.

Беттештеги жалгыз голду оюндун 42-мүнөтүндө жарым коргоочу Кай Хаверц киргизди.

“Челси” ушуну менен экинчи ирет Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду. Клуб бул мелдешти биринчи жолу 2012-жылы уткан.

“Манчестер сити” клубу Чемпиондор лигасынын финалында биринчи жолу ойноду.

Чемпиондор лигасы - Европа футбол биримдигинин ири клубдук турнири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG